Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: калпак кийүү маданияты мырзалардын жаш курагына жараша өзгөрөт

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Дөөлөт Рысбаев. Архив
Кийиз дүйнө коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Дөөлөт Рысбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Дөөлөт Рысбаев кыргыздарда эзелтеден бери келе жаткан ак калпакты кийүү маданияты бар экенин жана ал бүгүнкү күндө туура сакталбай жатканын айтты.
Рысбаев: калпак кийүү маданияты мырзалардын жаш курагына жараша өзгөрөт

Кыргыздарда калпакты кийүү маданияты мырзалардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша айрымаланып турат. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ак калпактын бир нече түрү бар. Алар туюк, эки талаа жана төрт талаа деп бөлүнөт. Булардын арасынан эң байыркысы болуп туюк калпак эсептелет. Ал жүндөн уютулуп, басылып жасалат жана кырлары туюк болот.

"Илгери кыргыздар ак калпакты кийүү маданиятынан ал кишинин коомдогу ордун жана даражасын билип койгон. Калпактар мырзалардын жаш курагына жараша тигилген. Калпактын өңү, ага түшүрүлгөн оймо жана кырлары аркылуу ээси жөнүндө маалымат алса болот. Мисалы, жеткинчектердин калпагына Умай эненин элесин берген оюу-чийме түшүрүлгөн. Ал эми боз улан жана жигиттердин баш кийими кырларындагы өзгөчөлүктөргө жараша айырмаланган. Калпагынын кырлары кызыл болсо, үйлөнүүгө даяр деген белги болгон. Ал эми калпактын кыры күрөң түстө болсо, ээси үйлөнүп, токтолгонунан кабар берген. Кыргагы кара калпак кийгендер — орто курактагы мырзалар деп саналган. Ак сакалдар болсо ак калпак кийишкен. Алардын баш кийиминин кыюусу гана шөкөттөлгөн. Андан сырткары, бакай калпак бар. Ал өтө сыйлуу конокторго же коомго эмгеги сиңген адамдарга гана тартуу кылынган", — деди Рысбаев.

Ал бүгүнкү күндө айрым жаштар калпактын төбөсүн чөгөрүп кийишерин айтып, илгери андай кылып башына мүшкүл түшкөн гана эркектер кийишкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0