Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторбаева: гигиенаны сактап, туура тамактануу сасык тумоону алдын алат

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Архив
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева баланы өз алдынча дарылоодон алыс болууга чакырды.
Оторбаева: гигиенаны сактап, туура тамактануу сасык тумоону алдын алат

Вирустук оорулардын түрлөрү абдан көп. Алсак, аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар менен ооруп калуу мүмкүн. Ушул жана башка вирустар, бактериялар сасык тумоону чакырат. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен башка адамдар дем алганда илдет жугат. Сасык тумоо үй-тиричилик буюмдары менен да өтүшү мүмкүн.

"Суук түшкөн маалда убагында тамактанып, витаминдүү салаттарды, жер-жемиштерди көп жегенге аракет кылыш керек. Убагында эс алып, бөлмөнү көбүрөөк желдетип, таза абада сейилдеп турган жакшы. Ооруп калган адам беткап тагынып, аны ар төрт саат сайын алмаштырып туруусу зарыл. Өзгөчө жөтөлүп, мурду агып калган баланы мектеп, бала бакчага жибербей, дарыгерге алып барган оң. Үйдөн эле түрдүү дарыларды берип, дарылай коем дегенди токтотуш керек. Сөзсүз түрдө дарыгер текшерип, диагноз коюп, дары жазып бериши зарыл. Себеби бала дене табы көтөрүлүп жатып калмайын ойноп жүрө берет. Сырттан келгенде колду самындап жууп, мурундун көңдөйүн чайкап коюу сасык тумоону алдын алат", — деди Оторбаева.

Ал жумушта ооруп калган адамдар менен иштегенде аралыкты сактап, колду бат-бат жууп, мурунга суу бүркүп чайкап туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0