Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманова: кыргыздын салттуу музыка жумалыгы 16-ирет өтөт

© SputnikНародная артистка КР, доктор искусствоведческих наук Роза Аманова
Народная артистка КР, доктор искусствоведческих наук Роза Аманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун негиздөөчүсү Роза Аманова ар эки жыл сайын жумалык конкурс иретинде өткөрүлүп келгенин айтты.
Аманова: кыргыздын салттуу музыка жумалыгы 16-ирет өтөт

Комузчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы салттуу музыка жумалыгы жалпы Кыргызстанда өтөт
Иш-чарада "Дастан күнү" белгиленип, анда манасчылардын, дастанчылардын, төкмө акындардын "күү күнү" болуп, чоорчу, кыякчы, комузчулардын "ыр күнүндө" улуттук аспаптар коштогон белгилүү ырчылардын өнөрү элге сунулат. Бул тууралуу Роза Аманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салттуу музыка жумалыгынын максаты — оозеки салттагы профессионалдык искусствону аркалаган жаңы ысымдарды табуу, аталган чыгармачылыкты сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу.

"Мындан 16 жыл мурун "Салттуу музыканын тарыхын сактоо жана өнүктүрүү маселелери" аттуу эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференция өткөрүп, ага коңшу өлкөлөрдөгү музыка изилдөөчүлөр, искусствонун белгилүү ишмерлери катышкан эле. Анда жыл сайын 25-апрель салттуу музыка күнү катары белгиленип, музыка майрамына айлансын деген сунуш айтылган. "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун мүчөлөрүнүн атайын кайрылуусу эске алынып, Маданият жана маалымат министрлигинин буйругу менен 25-апрель "Салттуу музыка күнү" болуп жарыяланган. Бул буйрук кагаз бетинде калып калбасын деп 2009-жылы кыргыз салттуу музыкасын сактоо, өнүктүрүү, келечек муунду руханий байлыкка аяр мамиле жасоого, улуттун көрөңгөсү болгон салттуу музыканы баалоого тарбиялоо максатында биринчи жолу иш-чара өткөрдүк. Ал эми 2013-жылдын 18-апрелинде КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан "Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндө" токтому бекитилген", — деди Аманова.

Ал дал ушул 2020-жылы иш-чара сынактык негизде өтүп, салттуу музыканы алып жүргөн таланттар ат салыша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0