Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов. Архив

Бекманбетов: мамлекеттик циркте жети эле жылкы бар

86
(жаңыланган 13:28 06.01.2020)
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов чет өлкөлүк артисттердин программаларына эл көп келерин айтты.
Бекманбетов: мамлекеттик циркте жети эле жылкы бар

Учурда жергиликтүү курулуш компаниясы отургучтарды алмаштырууга жана манеждин ичин жакшыртууга демөөрчү болуп беребиз деп жатат. Бирок жалпы капиталдык ремонт мамлекет тарабынан жүргүзүлүшү керек. Бул жылы өкмөттөн 150 миллион сом сурадык. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сырттан келген цирк өнөрпоздоруна элдин кызыгуусу күч. Ал эми жергиликтүү артисттердин программасына көрүүчү келбейт.

"Чет өлкөдөн өнөрпоздор жолборс, арстан, зебра сыяктуу айбанаттар менен келишет. Бул элди көбүрөөк тартат. Бизде жети жылкыдан башка жаныбар жок. Келечекте башка жаныбарларды аларыбыз да белгисиз. Ал эми жылкыларга жигитовкада өнөр көрсөткөн адистер кам көрөт. Дүйнөлүк тенденция боюнча жапайы жаныбарларды коргоо иштери катуу жүрүп жатат. Учурда технологиянын заманы болгондуктан, 3D графика, галограмманын жардамы менен шоу коюп жатышат. Биз деле алдыда ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга жетебиз деген ойдомун. Биздин цирктин техникалык өзөгү жакшы болгону менен трос, канатка сыяктуу коопсуздук аркандары жок. Чет өлкөлүк артисттер ал нерселерди өздөрү менен алып келет. Желдетүү системасын ишке киргизишибиз керек. Ал эми 2019-жылы Россиядан келген артисттер кыш, жаз, күз айларында жалпы төрт программа коюшту. Өзүбүздүн цирк кызматкерлери "Жылдыз бала" жомогун кичинекей көрүүчүлөргө тартуулашты", — деди Бекманбетов.

Ал алдыда театр ишмерлери менен "Эр Төштүк" чыгармасын коюуну пландап жатканын кошумчалады.

86
Белгилер:
мамлекет, өнөр, цирк, Фархад Бекманбетов
Тема боюнча
Элди таң калтырам деген дарчы башы менен кулап түштү. Видео
Цирк жаныбарлары "пенсия" ала баштайт. Россиядагы жаңы мыйзам
Бекманбетов: цирктин имараты 40 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек
Ветеринария инспекциясына караштуу мал ылаңына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов

Романов: кутурма жуктуруп алгандан кийин андан айыгуу кыйын

33
Ветеринария инспекциясына караштуу мал ылаңына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов мамлекетте каражат жетишсиз болгондуктан жапайы жаныбарлар арасында кутурма оорусуна каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.
Романов: кутурма жуктуруп алгандан кийин андан айыгуу кыйын

Ветеринария инспекциясы кутурманы алдын алуу максатында аталган илдет тууралуу кыска видеороликтерди жер-жерлерде көрсөтүп келет. Андан тышкары, үй жаныбарларын кармоо, багуу шарттары боюнча окуучулар, студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле эл көп топтолгон коомдук жайларга кутурма оорусу тууралуу буклет, брошюралар таркатылууда. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

Анын айтымында, кутурма дарты дүйнөнүн 53 мамлекетинде кездешет, андан жылына 70 миңден ашык адам каза табат.

"Кутурма ылаңы менен карышкыр, ит, чөө, ийри мүйүздүү жаныбарлар, келемиш, түлкү, суур, чымчыктар, адам, кыскасы, жылуу кандуу жандыктын баары ооруйт. Жаратылышта кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет. Кутурган жаныбар адамды тиштегенде вирус шилекейи аркылуу жугат. Шилекей адамдын денесиндеги жарага түшүп же мурунга, оозго кирип кетсе да оору козголот. Адамдарга көбүнчө вирус ит-мышык тиштегенде өтөт. Өзгөчө күз-кыш жана жаз мезгилинде токойдогу ачка жапайы жаныбарлар айыл аралап кетип, үй жаныбарлары менен контакт болот. Жылына мамлекеттик бюджеттин эсебинен 500 миңдин тегерегинде вакцина сатып алынып, аймактарда кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми адамдар өз учурунда эмдөө алып ооруну алдын алса болот. Илдет жуктуруп алгандан кийин андан айыгуу кыйын", — деди Романов.

Адис кайсы жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерин самындап жууп, йод же таза спирт менен сүртүп, дароо ооруканага кайрылуу керектигин эске салды.

33
Белгилер:
оору, кутурма, Чыңгыз Романов
Тема боюнча
Кутурмага кабылган адам айыкпайт. Дарыгер илдеттен сактануу жолдорун айтты
Стилист Акмарал Алмазбек

Акмарал Алмазбек: кийинүү образы, стилдин үстүнөн иштөө үч этаптан турат

323
Стилист Акмарал Алмазбек алдыга умтулган, коомчулук менен мамиле кыла билген адам жарашыктуу, стилдүү жана модалуу кийине билиши керектигин айтты.
Акмарал Алмазбек: кийинүү образы, стилдин үстүнөн иштөө үч этаптан турат

Мода — бул модельер жана дизайнерлердин жеке көз карашы жана табити. Ал эми стилдүү кийинүү бул жан дүйнөбүздү жана өзгөчөлүгүбүздү белгилеп, модалык тенденцияларды эсепке алуу менен курулган образ десек болот. Мындай пикирин Акмарал Алмазбек Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аял-эркектики деп бөлүнбөйт. Парфюмер атыр тандоонун сырын ачты

Анын айтымында, стилдүү кийинүү үчүн жалаң гана саркеч буюмдарды сатып алуу талап кылынбайт.

"Акыркы бир жылда Кыргызстанда стилисттер көбөйүп, аны менен кошо бул кызматты колдонгон адамдар да арбыды. Мен 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдардын образдарынын үстүнөн иштейм. Негизи стилисттин кардардын кийинүү образынын үстүнөн иштөөсү үч этаптан турат. Алгач жеке консультацияда кардар кызыккан суроолоруна жооп алат. Өзүнүн негизги көйгөйлөрү менен бөлүшөт. Стилист анын келбети, фигурасы жана кызмат ордун эске алып өзүнүн сунуштарын берет. Андан соң гардеробду талдоо этабы кардардын үйүндө өтөт. Анда эски, жарашыксыз, батпай калган кийимдер өзүнчө бөлүнөт. Калган кийимдерди бири-бирине айкалыштырып комплект түзүлөт да, ошол жерден жетишсиз элементтер белгилүү болуп калат. Ага жараша тизме түзүлүп, дүкөндөргө барып кошумча жарашыктуу кийимдер сатып алынат. Ал эми күзүндө аба ырайы туруксуз болгондуктан "кабаттап" кийинүү ыкмасы ыңгайлуу болот. Мисалы, футболка, көйнөк, жилет, анын үстүнөн пальто кийип алуу керек. Бул жерде стилдик градус көтөрүлөт жана үшүп да калбайсыз", — деди Алмазбек.

Стилист базалык гардеробдо бир өңдүү, жөнөкөй тигилген, ыңгайлуу кийимдер болушу керектигин кошумчалады.

323
Белгилер:
Акмарал Алмазбек, кийим, мода
Тема боюнча
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү
Дипломат Талгарбек Сарбанов (экинчи катарда) космонавттар Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова менен Мехико шаарында. 1963 жыл

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

0
(жаңыланган 19:43 24.10.2020)
Бүгүн, 24-мартта, КР дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлүп, алгачкы дипломаттар кантип тапталганын баяндап берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен Улуттар Уюму негизделе баштаган. 1945-жылы 4-11-февралда Ялта шаарында Гитлерге каршы күрөшкөн өнөктөш державалардын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль жолугуп, БУУ түзүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошон үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун жетекчиси Иосиф Сталин көрөгөчтүк кылып 15 союздук республикада Тышкы иштер министрликтерин түптөгөн. Анын максаты БУУда көпчүлүктү түзүү болчу. Ошентип 1944-жылы 17-марттан тарта Кыргыз ССРинин ТИМи иштей баштаган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

Кыргыз элинин тунгуч дипломаты Закон Турдукулов

(1928-1974)

Алгачкы карлыгач дипломат тууралуу уулу Феликс төмөнкүлөрдү айтып берди: 

— Атам кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөн. 1956-жылы жетекчилик анын зиректигин байкап Фрунзе шаарындагы комсомол аткаруу комитетинин биринчи катчылыгына дайындайт. 1957-жылы Москвада жаштар менен студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына катышкан атамдын чет элдик делегациялар менен бат тил табышканын жана уюштуруу сапаттарын жетекчилик байкайт. 1958-жылы борбор аны жарым жылда дипломатия кызматына даярдоо үчүн Москвадагы эл аралык институту менен Советтер Союзунун ТИМине жөнөтүп, атам билимин жогорулатат. Ошол эле жылы алты ай Лондондо англис тилин дагы тереңдетип үйрөнөт.

1959-жылы ал Ирактагы совет элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалат. Ошентип советтик дипломатияда кыргыздын ичинен алгачкы карлыгачы атам болду. Ал Жакынкы Чыгышта да элибизден чыккан биринчи дипломат эле. Себеби Иракты 1921-жылдан баштап 1958-жылга чейин Мухаммед пайгамбардын тукумдары Хашимит династиясы башкарган. 1944-жылы бул мамлекет СССР менен дипломатиялык мамиле түзүп, 11 жылдан кийин Москва менен бардык алаканы үзөт. 1958-жылы 14-июлда аларга каршы генерал Абдель Керим Касем тарапкерлери менен кутум уюштуруп, жыйынтыгында падышанын үй-бүлөсү жана буларга жакын элитанын көпчүлүгү өлтүрүлөт. Генерал Касем бийликке келип, республика түптөлгөнү тууралуу жарыялап, Советтер Союзу менен дипломатиялык мамилени кайрадан жандандырат. Ошол эле учурда Ирактын АКШ жана Улуу Британия менен мамилеси начарлайт. Бир жыл Багдадда атама жергиликтүү котормочу араб тилин үйрөтөт. Ошол эле учурда элчиликтеги жумуштан сырткары ал Ирактын борборундагы типографиялардын бирине жөнөкөй жумушчу болуп орношуп араб тилин дагы өркүндөтөт. Бир жылдан кийин атам араб тилинде эркин сүйлөп, жазганды үйрөнөт. Өлкөнүн ак сөөктөрү жана калктын башка катмары менен бат тил табышып, расмий Багдад менен Москванын ортосундагы мамилени чыңдоого зор салымын кошот. Мындай ийгиликтери үчүн СССРдин ТИМинин экинчи катчы наамы ыйгарылат. Ошол эле убакта атам Ирактын ички жана тышкы саясатынын багытын тыкыр изилдеп, Москвага так маалымат берип турган. 1961-жылы 7-ноябрда атам совет элчилигинде Улуу Октябрь революциясына байланыштуу салтанаттуу кече өткөрөт. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк дипломатияда мындай вазыйпаны элчи аткарат. Баш-аягы атам Иракта беш жылга жакын иштеди. Ал бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу илимий эмгегин жазып баштаган. СССР ТИМинин жетекчилиги аны Того республикасына (Батыш Африка) элчи кызматына сунуштаган. Бирок бул сунуштан атам үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

(1931-2015)

(Полот Искаковдун "Дипломат Советского Союза. Тридцать лет на дипломатической службе" аттуу өмүр баяны жөнүндө жазган китебинен үзүндү) 

Генконсул СССР в Алжире Полот Искаков. Город Оран 1987 год
© Фото / из семейного архива Искаковых
СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

— 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин геология-географиялык факультетин аяктадым. Адегенде Кыргыз ССРинин комсомолунун Борбордук комитетинде иштедим. Бул кызматка мени Закон Турдукулов чакырган. 1961-жылы жетекчилик Москвадагы Советтер Союзунун ТИМинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Ушул жогорку окуу жайда француз тил бөлүмүндө үч жыл окудум. 1963-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үч ай практика өттүм. Анткени 1881-1956-жылдары бул мамлекет Франциянын карамагында болчу. 1964-жылы Дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан мени Тунис Республикасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындашты. (Белгилей кетчү жагдай, Полот Искаков Түндүк Африкада теги кыргыз дипломаттардын ичинен биринчи болуп иштеген — ред.). Тунисте маданий, ар түрдүү коомдук, саясий уюмдар менен байланыштар, экономиканын айрым тармактары жана консулдук багыт боюнча иштедим. Бир ирет Тунис шаарындагы жашаган теги орус ак эмигрант элчиликтин кеңсесине келип мени менен жолукту. Ал улуу орус композитору Сергей Рахманиновдун жеке катчысы экен. Бул эмигрант анын айрым күндөлүктөрүн, жазмаларын, фотографияларын жана ноталарын СССРдеги музейге өткөрүп берүүнү өтүндү. (1943-жылы Сергей Рахманинов АКШда каза болуп, сөөгү Нью-Йорк калаасынын жанындагы Кенсико көрүстөнүнө коюлган — ред.). Катчынын өтүнүчүн орундатып, элчи менен кеңешип, жогоруда айтылган архивди кабыл алып, Москвага жибердим. Ошентип Рахманиновдун баа жеткис мурасы Ата Мекенине кайтты.

CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов

(1927-2005)

(Архивдик материал) 

Консул Талгарбек Сарбанов с коллегой в Мехико. 1963 год
© Фото / из личного архива Советбека Сарбанова
CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов (оң жакта)

— 1957-жылы Ош облусунун комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда Фрунзеге жумуштарым менен келдим. Мени ошол убактагы Кыргыз ССРинин башчысы Искак Раззаков чакырды. Ал СССРдин ТИМинде иштөөнү сунуштады. Себеби советтик дипломатияда кыргыздар жокко эсе экен. "Ошко учуп барып жубайың менен кеңешип, кечинде жообуңду бер", — деди Искак Раззакович. Учуп келип, дароо эле Ош облусунун жетекчиси Борис Яковлев менен кеңештим. Ал: "Балам, эч ойлонбой Раззаковдун сунушуна макул бол, адамдын өмүрүндө мындай сунуш бир гана жолу болушу мүмкүн, бул оң ийниңе конгон дөөлөт", — деп сүрөп кетти. Эртеси Раззаковго макулдугумду берип, телеграмма жибердим. Дипломатияга жолдомо берген Искак Раззакович менен Борис Павловичке терең ыраазымын. Ошентип Түндүк жана Түштүк Америкада иштеген кыргыздан чыккан биринчи дипломат болдум.

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев

(1923-2006)

Белгилүү маданият ишмери Шаршеналы Усубалиевдин кызы Гүлнара атасынын дипломатиялык жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Посол Шаршеналы Усубалиев (слева второй) в Египте. 1974 год
© Фото / из личного архива Гульнары Усубалиевой
Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев (солдон экинчи)

— Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен атамдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Ошон үчүн Москва аны СССРдин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар резервине алып кеткен. Атамдын дипломатиялык карьерасы ошол жерден башталган десе болот. 1970-1971-жылдары бүткүл союздук «Совэкспортфильм» бирикмесинин Азия менен Африка өлкөлөрү боюнча ага консультанты болуп эмгектенди. Ошол эле учурда борбор ага чет мамлекеттерде иштөө үчүн англис тилин жана дипломатиянын эрежелерин үйрөткөн. Андан кийин 1971-1977-жылдары атам Египет Араб Республикасында жогоруда айтылган бирикменин өкүлү кызматына дайындалат. Ал Сирия менен Египет биргелешип Израилге каршы согушканына күбө болгон. Бул согуш СССР менен АКШнын кийгилишүүсү менен токтойт. 1976-жылы апам Паиза Дадабаева кайтыш болуп калды. Ошого карабастан атам Египетте дагы бир жыл иштеди. Бул өлкөдө иштеген күндөрү тууралуу ал «Нил боюндагы жаңырык» аттуу китеп жазган. 1977-жылы ал Кыргыз ССРинин Мамлекеттик киносунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

1989-жылы Кыргызстанга белгилүү советтик жана россиялык илимпоз, мамлекеттик ишмер Евгений Примаков келди. Себеби Евгений Максимович Кыргыз ССРинин атынан СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган эле. Ал шайлоочулары менен жолукканы келгенде жергиликтүү аткаминерлер Примаковдун каалаганын аткарууга даяр экенин айтышат. Евгений Максимович атактуу маданият ишмери Шаршеналы Усубалиев менен жолуксам деген бир гана өтүнүчүн айтат. Биздин аткаминерлер аябай таң калып, атамды кайдан тааный турганын сурашат. "1970-жылдары аны менен Египетте таанышып,  курч кырдаалда чогуу иштегенбиз" дейт Примаков. Ошондо атамды таап Евгений Максимович менен кезиктиришет. Экөө тең капысынан жолукканына сүйүнүнүп, бири-бирин көрүп, абдан кубанышат. Канча жылдан кийин кезиккен эки үзөңгүлөш бир топко чейин чер жаза сүйлөшөт. Евгений Максимович дайыма атам тууралуу жылуу гана сөз айтчу. Анткени Примаков анын адамгерчилиги менен адискөйкүлүгүн аябай сыйлачу.

0
Белгилер:
кызмат, Африка, Ирак, Мексика, Кыргызстан, СССР, дипломатиялык ишмер, элчи
Тема боюнча
КР элчилиги коомчулукту дүрбөткөн дипломаттын кебине жооп кайтарды
Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев көз жумду
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты