Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: көзү өткөн адамдын пенсиясы 23 жашка чейинки балдарына төлөнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов мыйзам боюнча пенсия курагына жетпей каза болгон адамдардын пенсиясынын топтомо бөлүгү мураскорлоруна төлөнүп берерин айтты.
Мукамбетов: көзү өткөн адамдын пенсиясы 23 жашка чейинки балдарына төлөнөт

Көзү өткөн адамдын 23 жашка чейинки баласы же кызы болсо, ал окуу жайда билим алса, анда маркумдун пенсиясы ошол мураскоруна төлөнөт. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай мыйзам баккан адамынан ажыраган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгына, анын ичинде жубайына да тиешелүү.

"Баккан кишисинен ажыраган учурда 18ге жашы толо элек балдарына жана пенсия курагына жетип, бирок акча албаган, башка каржы булагы жок учурда жубайына, ошондой эле окуп жаткан 23 жашка чейинки балдарына да пенсия берилет. Мындан башка учурда, тилекке каршы, көзү өткөн адамдын пенсияга чогултулган акчасы мураскорлоруна төлөнбөйт. Анткени бизде пенсия жашы орто эсеп менен 75 жаш деп алынгандыктан, 80-90го чыккан карыяларга "сиздин акчаңыз түгөндү" деп пенсия бербей кое албайбыз. Мына ушундай карыяларга пенсиясынын топтомо бөлүгүн чогултуп жүрүп, бирок жаш курагы жетпей кайтыш болуп кеткен адамдардын каражаты жумшалат", — деди Мукамбетов.

Ал мыйзамда көрсөтүлгөн мураскерлер каза болгон адамдын пенсиясынын топтомо бөлүгүн бир жолу дароо алып, акчаны чет мамлекетке чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү да бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0