Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азимов: 2020-жылдын бюджетинен 15,5 млрд. сом баалуу кагаздарга каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель министра финансов КР Алмазбек Азимов
Заместитель министра финансов КР Алмазбек Азимов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов баалуу кагаздарды чыгарууга каражат жылдан-жылга көп бөлүнүп жаткандыгын айтты.
Азимов: 2020-жылдын бюджетинен 15,5 млрд. сом баалуу кагаздарга каралды

Дефицитти ички булактар аркылуу жабуу максатында жыл сайын 14-15 миллиард сомго мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылат. Бул тууралуу Алмазбек Азимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл дагы бюджеттен 15,5 миллион сом каражат баалуу кагаздарга бөлүнгөн.

"Соңку жылдары ички карыздын көлөмү көбөйүп жатканын Жогорку Кеңеште да депутаттар айтып келишет. Жыл сайын өкмөт тарабынан мамлекеттик карызды башкаруу боюнча стратегия кабыл алынат. Анда ички жана тышкы карыздар белгиленет. Ал стратегияда биздин министрлик тышкы карыздан көз каранды болбош үчүн ички карызды көбөйтүүнү пландап жатат", — деди Азимов.

Аткаминер ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча элге маалымат жеткирүү иштерин колго алуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0