Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дукуев: сүрөт көргөзмөмө 40тай картина коюлду

© Sputnik / Асель СыдыковаМолодой художник Арстанбек Дукуев
Молодой художник Арстанбек Дукуев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш сүрөтчү Арстанбек Дукуев художниктер атайын стилин тандап сүрөт тартпай турганын, аны искусство таануучулар аныктай турганын, ал эми өзү импрессионизмге жакын экенин айтты.
Дукуев: сүрөт көргөзмөмө 40тай картина коюлду

Жашоодо кезиктирген түрдүү адамдар, окуялар жаңы чыгарманын негизи болуп берет. Бул тууралуу Арстанбек Дукуев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш койнунда, аккан суунун боюнда мыкты чыгармалар жаралат.

"Кичинекей кезимде атам Айтматовдун чыгармаларын көп окуп берчү. Ошол каармандарды элестетип сүрөт тартчумун. Чыгармадагы болгон сүрөттөлүштөр абдан тааныш болчу. Кийин Тургунбай Садыков атындагы колледжде билим алып, живопистин негиздерин үйрөндүм. Бул кесипти улантып академияга тапшырган жокмун. Себеби рамкада калып калбайын дедим. Ошондуктан операторлук боюнча билим алдым. Экөөнү тең сүрөтчү деп койсок болот. Бирөө май боек менен, экинчиси камера аркылуу көрүнүштү тартат. Учурда экөөнү тең чогуу алып кеткенге аракет кылып жатам. Бош убактым болсо эле сүрөт тартуу менен алекмин. 2019-жылы тоо койнуна эки жолу барып келдим. Бир күндө үчтөн сүрөт тартып жаттым. Ошол жылдын жыйынтыгы катары көргөзмө уюштурдум. Анда 40тай картина коюлду. Чыгармаларды сатып алам дегендер да болот. Бирок азырынча картиналарды сатууну көздөп тарта элекмин", — деди Дукуев.

Сүрөтчү жакында эле картинасы аукционго коюлуп, 21 миң сомго сатылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0