Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каратаев: жеке менчик медициналык окуу жайлар талапка жооп бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамминистра здравоохранения КР Мадамин Каратаев
Замминистра здравоохранения КР Мадамин Каратаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев республикада ачылып жаткан медициналык окуу жайлар талапка жооп бербей тургандыгын айтты.
Каратаев: жеке менчик медициналык окуу жайлар талапка жооп бербейт

Жеке менчик медициналык жогорку билим берүүчү окуу жайлардын ачылышына каршымын. Мындай пикирин Мадамин Каратаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, менчик медициналык ЖОЖдор бизнести негизги максат кылып алышкан.

"Республикада ачылып жаткан менчик медициналык окуу жайларга көз карашым терс. Анткени алар ЖОЖдун базасында талапка жооп берген клиниканы түптөөгө, мугалимдер сапатын бекемдөөгө маани бербей эле студенттерди кабыл алып жатышат. Сапатсыз институттан кандай адистер даярдалып чыгат? Ал эми четтен келген студенттерди мындай билим берүү жайларында окутуу өлкөнүн беделине шек келтирип жатпайбы. Андыктан алгач медициналык окуу жайга коюлган бардык талаптарды аткарып, анан окутушса жакшы болот эле", — деди Каратаев.

Аткаминер медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги кирише албастыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0