Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов

Мамбетов: 2021-жылы чет өлкөлүк паспортту да чип менен чыгарабыз

72
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов келечекте электрондук маалыматтарды ишенимдүү сактоо үчүн чоң дата-борбор курулушу керектигин айтты.
Мамбетов: 2021-жылы чет өлкөлүк паспортту да чип менен чыгарабыз

Негизи персоналдык маалыматтар өзүнчө базада сакталат. Андан башка маалыматтарды көчүрмөлөп турган дагы бир база болот. Бизде азыр анча чоң эмес, жашыруун жерде жайгашкан дата-борборубуз бар. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маалымат сактоочу базалар дүйнө жүзүндө суунун алдында, тоолордун арасында жайгашкан.

"Москвада жасалма кыргыз паспорттору сатылып жатат деген сөздөр тараган эле. Алар кыргыз паспортун гана эмес, каалаган мамлекеттин паспортун жасап сатышат. Ал эми 2017-жылы чыгарылган паспортторду жасап алуу таптакыр мүмкүн эмес. Себеби анда чип жайгашкан. Азыр паспорт алыш үчүн адам өзү келбесе система да кийинки этаптарга өткөрбөйт. Дүйнө жүзүнөн артта калбай мына ушундай жаңыланууларды киргизип жатабыз. Эми 2021-жылы чет өлкөлүк паспортту да чип менен чыгаралы деген пландар бар. Кадимки эле китепче түрүндө болот дагы ага чип коюлат. Документ 32 же 54 барактан турат. Көп барактуусу чет мамлекетке тез-тез чыгып турган адамдарга абдан ыңгайлуу болот. Кибер коопсуздук боюнча да иш алып барып жатабыз. Себеби башка мамлекеттерде миллиондогон адамдардын жеке маалыматы тарап кеткен учурлар болгон", — деди Мамбетов.

Ал маалымат сактоочу база курула турган болсо, абасы салкын аймакта салынышы керектигин кошумчалады.

72
Белгилер:
сактоо, база, Мамлекеттик каттоо кызматы, Алмаз Мамбетов
Тема боюнча
Мамбетов: заманбап автодром куруу пландаштырылууда
Экспортчулар менен импортчулардын Кыргызлэнд ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова

Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

186
(жаңыланган 11:56 22.09.2020)
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова этти экспорттоодо эң чоң көйгөй катары контрабанданы атады.
Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

Өлкөдө эттин кымбаттап жатышына доллардын өсүшү, контрабанда, тоютка болгон баанын жогорулашы өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, учурда ишкерлер Өзбекстанга эт эмес, майда жана ири мүйүздүү малдын өзүн экспорттоодо.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

"Өзбекстанга эт массалык түрдө экспортко чыгарылган жок. Аталган өлкө менен чек ара ачылып, мамилелер жакшыра баштагандан бери өлкөдөн майда жана ири мүйүздүү малды экспорттоо жолго коюла баштады. Булар жандуу булак деп аталып, улам ордуна келип турат. Ошентсе деле экспорт жаатында Кыргызстан эл аралык рынокто өз ордун толук кандуу ээлей элек. Анткени Пакистан, Араб өлкөлөрүнө эт башаламан сатылып келген. Ал эми Өзбекстанга чыгарылган кой боюнча экспорт 0,4 пайыз, ири мүйүздүү малды экспорттоо 0,3 пайызды түзөт. Бул өлкөдө экспорт дээрлик жок дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик органдар тиешелүү аналитиканы дурустап бере албай жатат. Анткени учурда эттин баасынын көтөрүлүшүнө доллардын кымбатташы, тоют баасынын өсүшү, алып сатуу менен алектенгендер себеп болууда", — деди Ниязбекова.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдар мониторинг кылуу менен гана чектелип жатат деген пикирин кошумчалады.

186
Белгилер:
соода, Өзбекстан, экспорт, эт, Ленара Ниязалиева
Тема боюнча
Бийлик Кыргызстанда эттин кымбаттап кеткен себебин айтты
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

91
(жаңыланган 11:27 22.09.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев тарыхый эстеликтердин статусуна токтолду.
Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

Тарыхый эстеликтер тууралуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. Кыргызстандын аймагынан жөнөкөй жаран болобу, кайсы бир ишкана же чет өлкөлүк инсан болобу, тарыхый эстелик таап алса, аны өз алдынча талкалоого, бузууга, ал тургай ордунан жылдырууга акысы жок. Бардык өлкө аймагынан табылган тарыхый эстеликтер ошол замат "кол тийбестикке" ээ болот. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тарыхый эстеликтер архитектуралык, монументалдык, искусстволук, жаратылыш тарабынан пайда болгон жана археологиялык болуп бөлүнөт. Булардын эң баалуусу — археологиялык табылгалар.

"Мыйзам боюнча республиканын кайсы гана аймагынан археологиялык эстелик табылбасын, ал мамлекеттик баалуулук катары эсептелип, зыян келтирүүгө тыюу салынган. Керек болсо жайгашкан ордунан да жылдырууга болбойт. Эгер бул эгин талаасы, курулуш түшө турган же башка бир турмуш-тиричиликке колдонулуучу аянт болсо, аны таап алган тарап Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тез арада билдирүү жибериши зарыл. Аны археологдор иликтеп, өз баасын берген соң гана ал аймакта андан ары кандайдыр бир аракеттерди жүргүзсө болор-болбосу аныкталат. Кээ бир тарыхый эстелик табылган жерге керек болсо бак отургузууга да тыюу салынат. Ал эми Алай районуна караштуу Терген-Таш аймагы боюнча айта турган болсок, алгач бул жер илимге 1985-жылы белгилүү болгон. 2000-жылдары да окумуштуулар барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок тилекке каршы, толук аягына чыкпай токтоп калган. Демек бул жерди иликтенип жаткан тарыхый аймак десек болот. Мындай жерден көмүр казууга тыюу салынат. Азыр эми көмүр казуу иштери токтотулду. Иликтөө иштери жасалганда да алгач айыл өкмөтү, андан соң район, облустун деңгээлинде тиешелүү токтомдор чыгып, анан республикалык маанидеги тарыхый жай деп табылат. Тарыхый баалуу жай катары дүйнөлүк деңгээлде корголгон аймакка кирип калышы да мүмкүн", — деди Жолдошев.

Адис кыргызстандыктардан петроглиф же башка тарыхый эстеликтер табылган учурда дароо тиешелүү органдарга билдирип коюуну өтүндү.

Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп

Эскерте кетсек, мындан бир жума мурда Алай районуна караштуу Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көлдүн айланасындагы уникалдуу петроглифтер талкаланып, көмүр казуу иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик казуу иштери убактылуу токтотулганын билдирген.

91
Белгилер:
тарыхый баалуулуктар, петроглиф
Тема боюнча
Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты
Жүк көтөргөн адамдар. Архив

Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө

0
(жаңыланган 00:41 23.09.2020)
Өзүн элчиликтин кызматкери катары тааныштырган киши чек арадан өткөрүүгө жардам берем деп ар бир мигранттан 7000 рублден алган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандыктарды автобус менен мекенге жеткирүүнү убадалап, акчасын алдап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аты-жөнүн Кубанычбек Жээнкулов деп элчиликтин кызматкери катары тааныштырган жаран Казакстан чек арасын ачканын айткан. Ал жерден автобус менен өткөрүүгө жардам берем деп ар биринен 7000 рублден алып Башкыртстандан Оренбургга алып келген. Натыйжада шылуундун тузагына түшкөн мекендештер ара жолдо калышкан. Бул иш боюнча 22 киши элчиликке арыз жазды.

"Кубанычбек Жээнкулов деген элчиликтин кызматкери жок. Аны жоопко тартуу үчүн КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ ИИМи менен биргеликте издеп жатат. Мыйзамсыз түрдө акча чогултканы үчүн катуу жазага тартылат. Элчилик мекендештерди ушул сыяктуу фактылар болсо кылмыштын алдын алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн кабарлап коюуга чакырат", — деп жазылган билдирүүдө.

Даттануулар менен Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкуловдун elchi.ru сайтындагы жеке блогуна жана КР ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнө predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук дареги же +7(926) 890 87 00 ыкчам байланыш номерине кайрылууга болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Учурда Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Россиянын шаарларынан жана Башкыртстан Республикасынан келген 3500дөн ашык кыргызстандык топтолуп турганы маалым болду.

Элчилик Казакстандын аймагынан автобус менен өтүү үчүн "жашыл коридор" ачып берүү өтүнүчү менен казак тарапка кайрылган. Азырынча жооп келе элек.

Ошондой эле Оренбург облусунун жана Башкыртстандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ал жердеги кыргызстандыктарга шарт түзүү иштери жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Россия тарап аларды акысыз түрдө жатаканаларга, балдар лагерлеринин аймактарына жайгаштырды, мындан тышкары, чатыр лагери түзүлгөн. Айрымдары мейманканаларга жана жатаканаларга жайгаштырылды. Жарандарга үч маал бекер тамак берилип жатканы айтылды.

Ошону менен катары элчилик мекендештерге Казакстан чек арасын толук ача электигин эскертип, өз алдынча келип топтолбоого чакырат.

Мүмкүнчүлүккө жараша учак менен кетүүнү сунуштайт. Ошону менен катар элчилик авиакаттамдардын санын көбөйтүү жана билет баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылды.

0
Белгилер:
Мигрант, автобус, алдамчылык, чек ара, Элчилик, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды