Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асем Куттубай кызы

Куттубай кызы: зомбулук көрсөткөндөргө атайын түзөтүү программасы иштейт

204
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асем Куттубай кызы зордук-зомбулуктун өсүп жатканы мурда жашыруун болгон фактылардын ачыкталганы менен байланыштуу экендигин айтты.
Куттубай кызы: зомбулук көрсөткөндөргө атайын түзөтүү программасы иштейт

Зордук-зомбулук көрсөткөн адам милдеттүү түрдө түзөтүүгө багытталган атайын программадан өтөт. Бул тууралуу Асем Куттубай кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка күбө болгон бардык жаран атайын органдарга маалымдашы шарт.

"2017-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жабырлануучу өз каалоосу менен арыз жазып, зомбулук тууралуу маалымдачу. Ал эми жаңы мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка күбө болуп калган бардык жаран атайын органдарга билдире алат. Учурда мындай окуялардын көп катталып жатканына кооптонбошубуз керек. Тескерисинче, мурда жашырылып келген фактылар ачыкталып баштаганына сүйүнсөк болот. Мурда мындай жагдайлар ар кандай себептер менен жашырылып калчу. Учурда алар кандайдыр бир деңгээлде мыйзам тарабынан корголууда. Мыйзам боюнча зомбулук көрсөткөн адам милдеттүү түрдө жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн атайын түзөтүүчү программадан өтөт", — деди Куттубай кызы.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кылмыштар өткөн жылы 2010-жылга салыштырмалуу беш эсеге өскөнүн кошумчалады.

204
Белгилер:
мыйзам, үй-бүлө, зомбулук
Тема боюнча
Зомбулукка кабылган аялдар кайда кайрылса болот? Дарек, телефондор
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

103
(жаңыланган 18:42 07.08.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев коронавирустун симптомдорунун бири конъюнктивит, тактап айтканда, көздүн кызаруусу экенин айтты.

Коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар. Ошондуктан дарыгерлер коргонуучу көз айнектерди кийип иштешет. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

Анын айтымында, бул илдет адамдан адамга, бир көздөн экинчи көзгө жугушу мүмкүн.

"Коронавирустун көзгө тийгизген таасири конъюнктивит деген оору аркылуу билинет. Конъюнктивит – бул көздүн сыртындагы жука чел. Ал көздүн кургашынан же кандайдыр бир соккудан сактап турат. Адамга COVID-19 жукканда сезгенип, кызарып, кычышып, көздөн ириң сыяктуу суюктук дагы агышы мүмкүн. Бирок бул адамдын көрүүсүнө же көздөгү эң маанилүү органдарга терс таасирин тийгизбейт. Ошол эле учурда коронавирус көз аркылуу жугат деген ыктымалдуулук бар. Мындан улам дарыгерлер иштеп жатканда бет кап же коргоочу көз айнектерди колдонушат. Божомол боюнча жөтөлгөндө же сүйлөгөндө ооздон чыккан шилекей чачырап вирустар көздүн сыртындагы жука чел кабыкка жабышып, организмге кирип кетиши мүмкүн", — деди Жолдошев.

Чылым чеккендер коронавирусту жеңил көтөрөбү? Пульмонологдун жообу

Дарыгер конъюнктивит коронавирустун эле эмес башка да көптөгөн оорулардын симптому болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

103
Белгилер:
симптом, коронавирус, көз
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

42
(жаңыланган 13:52 07.08.2020)
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган аймактагы оруп-жыюу иштери боюнча айтып берди.
Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Быйыл жалпысынан 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. Учурда оруп-жыюу иштери аяктап калды. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, облуста буудай, арпанын түшүмдүүлүгү былтыркыдай эле деңгээлде.

"Февраль айында коронавирусту Кыргызстанга киргизбөө чараларын көрүү жана инфекция республикада катталып калган учурда азык-түлүк тартыштыгын алдын алуу боюнча өкмөттө жыйын болгон. Ошол жерден аймактарга кылкандуу дан эгиндерин жылдагыдан көбүрөөк себүү тапшырмасы берилген. Биз бул тапшырманы дыйкандарга түшүндүрүп, сунуш киргизгенбиз. Жыйынтыгында быйыл жалпысынан 41500 гектар жерге арпа, буудай себилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4000 гектарга көп. Анын 27000дей гектары буудай, калганы арпа. Буудайдын түшүмү былтыркыдай эле болууда, андыктан салыштырмалуу 5500 тоннага көп жыйналды. Ал эми арпаныкы бир аз төмөнүрөөк, бирок аянтынын көптүгүнө карап, тартыштык жаралбайт деп ойлойм", — деди Жылкыбаев.

Аткаминер аталган облуста айдап-себүү жана оруп-жыюу иштеринде көйгөйлөр жаралбагандыгын, сугат маселелеринде гана бир аз тартыштык болгонун кошумчалады.

42
Белгилер:
түшүм, Буудай, Узарбек Жылкыбаев
Тема боюнча
Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт
Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийген

14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео

0
(жаңыланган 23:43 07.08.2020)
Алдын ала маалыматка ылайык, Boeing 737 учагы Дубайдан келген. Анын бортунда 170тен ашык жүргүнчү болушу мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийип, 14 адам каза таап, 123ү жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости ANI агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Алдын ала берилген маалыматта Дубайдан келген Boeing 737 учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, андан кийин экиге бөлүнүп калган.

Индиянын Авиация министрлигинен учактагы 174 жүргүнчүнүн ону балдар, бешөө эпкипаж мүчөсү болгонун кабарлады.

Кырсык болгон жерге Тез жардамдын 24 бригадасы жиберилген. Учактын алдыңкы бөлүгү үзүлүп түшкөндөн кийин, бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

"Бактыга жараша учак өрттөнүп кеткен жок", - деген Маданият жана туризм министри Альфонс Каннантанам Twitter баракчасына маалымат чыгарып.

NDTV телеканалы кырсыктан улам 30 киши ооруканага жеткирилгенин айтат.

​Учактын алдыңкы бөлүгү толук бойдон талкаланып, учуу тилкесине жана анын чет жактарына сыныктар чачыраган.

Кералынын башкы министри Пинарайи Виджаян полиция, өрт өчүрүүчүлөргө жана тийиштүү чиновниктерге авиа кырсыкка карата куткаруу жана медициналык жардам көрсотүү боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

0
Белгилер:
куткаруу, кырсык, учак, Индия
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео