Көп адамдар кантип милиция кызматкери мамлекеттик атрибутту тартып калды деп сурашат. Албетте, кесипкөй сүрөтчү эмесмин, мен демилгелеп чыккам. Гербди тартуу ишин сүрөтчү Асейин Абдраев колго алды. Бул тууралуу Садырбек Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сынакка 2234төй эскиз келип түшүп, 1600дөйү элдин назарына коюлган.
"Мамлекет эгемендүүлүктү алганда Ат-Башынын Ак-Моюн округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып калдым. Ал учурда 350 депутат эле. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзүнүн мамлекеттик символдору болушу керек эмеспи. Гербди жаратуу боюнча сынак жарыяланып калды. Башында Казат Акматов турган 21 адамдан куралган комиссия түзүлдү. Сынакка катыштык. Мыкты сүрөтчү издеп, анан Асейин Абдраев менен иштешип калдык. Алгач биздин эскизде бүркүт тартылган эле. Келип түшкөн сүрөттөр элдин назарына коюлуп, алар сын-пикирлерин айтышты. Гербдин үстүнөн эки жылдай иштеп, жалпы 53 вариантын тарттык. 19-вариантта Нур деген ат менен чыгып баштадык. Ойлонуп-толгонуп, элдин сынын эске алып, кыргыз эли эмнеси менен таанылган деп, энциклопедияны каза баштадык. "Манас" эпосунда ак шумкар достуктун символу, куштун алгыры деп толук эки бет жазылган экен. Ошентип, бүркүттү шумкарга алмаштырдык. Өз учурунда депутаттар, калайык калк көз карашын айтып, ойлору менен бөлүшүп, азыркы гербдин жаралышына олуттуу салым кошушкан", — деди Дубанаев.
Ал акырында комиссия беш эскизди тандап алып, талаш-тартыш катуу жүрүп, 248 добуш менен азыркы герб кабыл алынганын кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Пандемияда иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.
Ал медиктердин компенсация талап кылып митингге чыгышын өкмөт туура кабыл алганын белгиледи.
"Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер адам өмүрү менен алышып жүрүп, өзүңүздөр дагы ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан бардык документтериңизди чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырыңыздар. Бул маселе чечилет. Былтыр кандай абалда калганыбызды билебиз. Эң биринчи Кудайдын, андан кийин дарыгерлердин көзүн караганбыз. Азыр компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү боюнча бизге президент тапшырма берди. Жакынкы күндөрү бюджеттен 200 миллион сом бөлүү боюнча чечимди даярдап жатабыз", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Марипов кыргызстандыктарга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатканын эскертип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, 16-апрель күнү ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүшкөн. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылган. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган болчу.