Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Досалиева: кыздардын эрте турмушка чыгуусу кыйла кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель "Центра защиты женщин" Бакен Досалиева
Руководитель Центра защиты женщин Бакен Досалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык камсыздоо жетишсиз болуп жатканын айтты.
Досалиева: кыздардын эрте турмушка чыгуусу кыйла кыскарды

Кыздардын эрте турмушка чыгуусу кыйла кыскарды. Бул тууралуу Бакен Досалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул жетишкендик Жазык кодексинин 178-беренеси, башкача айтканда, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүүнү токтотуу боюнча мыйзам тууралуу маалыматты жайылтуу иштери жакшы жүргүзүлгөндүктөн улам болгон.

"Аялдардын укугун коргоо жаатында маалымат менен камсыздоо максатында жергиликтүү кеңештин аял депутаттарын окутуп, аларга өзүнүн айылдарында иш алып баруу тапшырылган. Арасында жакшы көрсөткүчкө жетишип калгандар бар. Мындан тышкары, маалымат берүүнү күчөтүү зарыл. Мисалы, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүүнү токтотуу боюнча Жазык кодексинин 178-беренеси кабыл алынган. Бул боюнча Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин барып маалымат кампаниясын жүргүздүк эле. Эми мониторинг жасасак, бул көрүнүш 50 пайызга азайыптыр", — деди Досалиева.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда жазаны күчөтүүгө караганда маалымат кампаниясы жүргүзүлсө натыйжа чыга турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0