Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов. Архив

Момоконов: унаа токтотчу жайлардын операторлору авто үчүн жооптуу эмес

44
(жаңыланган 13:40 16.01.2020)
"Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасынын директору Ислам Момоконов жол жээктериндеги калаа жетекчилигине таандык унаа коюучу жайлардын операторлору (парковщиктер) автокөлүктөрдү туура койгонго көмөктөшүп, унаа ээлеринен акы алууга гана милдеттүү экенин айтты.

Унаа токтотуучу жайлардын операторлору машинанын коопсуздугуна жооптуу эмес. Бул тууралуу Ислам Момоконов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акы алынуучу бардык муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларда тийиштүү квитанция берилет. Муну айдоочулар унаа коюучу жайлардын операторлорунан талап кылуусу керек.

"Автоунаа токтотуучу жайлардын эки түрү болот. Биринчиси жол четиндеги унаа коюучу жайлар болсо, экинчиси кароолчусу бар унаа токтоткон жерлер (автостоянка). Атайын унааны кайтарган кишиси бар жайларда машинанын коопсуздугу тескелип, тийиштүү кызмат үчүн акы алынат. Ал эми көчөлөрдө жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын операторлору (парковщиктер) автокөлүктөрдү туура койгонго жардам берип, унаа ээлеринен акы алууга гана милдеттүү. Машина үчүн алар жооп бербейт. Муну айрым айдоочулар туура эмес түшүнүп, акы төлөнсө эле унаа үчүн да жооп берүүсү керек деп ойлошот. Бул түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып, акы чогултууда ачык-айкындуулук болуусу үчүн үстүбүздөгү жылы автоматташтырылган системаны киргизели деп жатабыз. Ал ишке ашса, бардык төлөмдөр электрондук түрдө жүргүзүлө баштайт", — деди Момоконов.

Аткаминер муниципалдык унаа токтотуучу жайларда кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп же операторлор (парковщиктер) өз милдетин так аткарбай жатса, жарандар "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасына дароо кайрылса болорун кошумчалады.

44
Белгилер:
милдет, оператор, унаа токтотуучу жай, унаа
Тема боюнча
Бишкектеги акы алган автоунаа токтотуучу жайлар: тариф, өзгөрүү, пландар