Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырасулова: климаттын өзгөрүшү туризмге терс таасирин берип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаратылыш ресурстарын, уникалдуу экосистемаларды, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калууга аракет кылган "Юнисон Групп" компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова
Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын, уникалдуу экосистемаларды, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калууга аракет кылган Юнисон Групп компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын, уникалдуу экосистемаларды, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калууга аракет кылган "Юнисон Групп" компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова Кыргызстан Париж макулдашуусуна 2019-жылдын аягында гана кошулганын айтты.
Абдырасулова: климаттын өзгөрүшү туризмге терс таасирин берип жатат

Париж макулдашуусу 2015-жылы бүткүл дүйнөлүк конвенциянын алкагында кабыл алынган. Аталган документти 190дон ашык өлкө ратификациялаган. Бул тууралуу Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоорго кирген башка мамлекеттер климаттын өзгөрүүсүн олуттуу маселе катары кабыл алып, атайын ушул багытта иш алып барган министрлик да түзүп жатышат.

"Париж макулдашуусунун негизги максаты климаттын өзгөрүшүн токтотуу, ошону менен бирге ага таасирин берип жаткан факторлорду азайтуу, өлкөнүн жашыл экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. Кыргызстан — тоолуу, мөңгүлөргө бай мамлекет.  Биздин өлкө үчүн бул долбоор өтө маанилүү. Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн белгилери Кыргызстанда дагы байкалууда. Мисалы, кардын ордуна жамгырдын жаашы, жайында абанын ысык болуусу, өлкөдө мөңгүлөрдүн эриши, сел-ташкын, көчкүлөрдүн көбөйүшүн айтсак болот. Андан тышкары, кургакчылык же жаздын эрте келиши айыл чарбасындагы пландуу иштерди аткарууга олуттуу кыйынчылык алып келиши ыктымал. Климаттын өзгөрүшүнүн туризмге тийгизген терс таасирин да көрүп жатабыз. Мисалы, азыркыга чейин кардын аздыгынан Чуңкурчак тоо лыжа базасы ачыла албай турат. Ошондуктан алдыңкы 10-20 жылдын алкагында кандай өзгөрүүлөр болушун аныктап, ага жараша план түзүп, алдын алуу иштерин аткарышыбыз керек. Бирок бизде учурда бул багытта иштеген бирдиктүү тармак жок", — деди Абдырасулова.

Ал план түзүп жакшы долбоорлорду сунуштаса, Жашыл климат фонду каражат бөлүп бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0