Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: курулуш тармагында уруксат кагаздарын алуу көйгөй жаратууда

© Sputnik / Асель СыдыковаАтабаев: курулуш тармагында уруксат кагаздарын алуу көйгөй жаратууда
Атабаев: курулуш тармагында уруксат кагаздарын алуу көйгөй жаратууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлү, курулуш компанияларынын биринин архитектору Темиркан Атабаев курулуш канчалык көп жүрсө, өлкөнүн экономикасы ошончолук өсүп жатканын билдире турганын айтты.
Атабаев: курулуш тармагында уруксат кагаздарын алуу көйгөй жаратууда 68/90

Курулуш тармагында кагаз иштери көйгөй жаратып, формалсыз төлөмдөрдү жасоого мажбур кылууда. Бул тууралуу Темиркан Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

"Курулуш — экономиканын индикатору. Ал канчалык көп жүрсө, өлкө ошончолук өнүгүп жатат дегендик. Долбоорлоо, куруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлсө, тез эле бүтүрсө болот. Бирок уруксат алуу, кагаз иштерин бүткөрүү татаал болуп жатат. Кандай иш болбосун, долбоордон башталат. Эскизи чийилип, андан кийин архитектурадан долбоор жасаганга уруксат алынат. Буга орто эсеп менен бир аптадан үч айга чейин убакыт кетет. Ал эми учурда архитектура, электр энергиясы, газ, сууга кошулууну аталган кызматтарды көрсөткөн мекемелер атайын создуктуруп, курулуш компанияларын мыйзамга каршы келген аракеттерге барууга мажбур кылышууда", — деди Атабаев.

Ошондой эле ал өлкөдө курулуш тармагында мыкты адистер бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0