Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: патент албай иштөө мыйзам бузуу болуп саналат

© Sputnik / Асель АкматалиеваПресс-секретарь Государственной налоговой службы Кыргызской Республики Эркин Сазыков
Пресс-секретарь Государственной налоговой службы Кыргызской Республики Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков өлкөдө патент системасы 1996-жылы киргизилгенин айтты.
Сазыков: патент албай иштөө мыйзам бузуу болуп саналат

Патент алып иштөө жарандардын өзүнө керек. Ага төлөнүп жаткан акча — кайра кайтарыла турган каражат. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, патент албай жашыруун иштегендердин кийин пенсиясы аз болуп калат.

"Ишкерлик менен алектенген ар бир жаран салык төлөөгө милдеттүү. Патенттин ыңгайлуу жагы ишкер канча товар сатты, канча кызмат көрсөткөндүгү тууралуу ай сайын отчет бербейт. Болгону жылына бир жолу декларация тапшырат. Ошол эле тейлөө тармагында иштеген адистер да патент алышы шарт. Кафе, ресторан, сулуулук салондорунун ээлери айрым учурларда кызматкерлеринин баарына патент албай коюшат. Иштеп жаткан адис мындай кадамдарга макул болбошу керек. Ал өз алдынча патент алып же жумушка орношуп жатканда бул маселени такташып, чечишип алганы оң. Анткени патентке төлөнүп жаткан сумма кайра кайтарыла турган каражат болгондуктан, аны алуу жумушчунун өзүнө пайдалуу", — деди Сазыков.

Ал ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы байма-бай рейддерди жүргүзүп, салык төлөөдө жашырууга аракет кылгандарды аныктай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0