Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Озокеева: көп кабаттуу үйдө турак жай ээлеринин шериктиги болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист одного из отделов в мэрии Бишкека Назгуль Озокеева
Специалист одного из отделов в мэрии Бишкека Назгуль Озокеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Озокеева "Турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин шериктиги" көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары тарабынан түзүлгөн комерциялык эмес уюм экенин айтты.
Озокеева: көп кабаттуу үйдө турак жай ээлеринин шериктиги болушу керек

Талап боюнча шаардагы ар бир көп кабаттуу үйдө "Турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин шериктиги" (ТСЖ) болуусу керек. Бир дагы үйдү кароосуз калтырууга болбойт. Бул тууралуу Назгүл Озокеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган уюмдун негизги милдети болуп көп кабаттуу үйдүн абалын көзөмөлдөп туруу, оңдоп-түзөө иштерин аткаруу, айланасын таза кармоо жана көрктөндүрүп жашылдандыруу өңдүү күнүмдүк маселелерди чечүү болуп саналат.

"Турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин шериктигин" (ТСЖ) жергиликтүү жашоочулар өздөрү түзүшөт. Алар жалпы чогулуш өткөрүп, көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын арасынан өкүлдөрдү тандашат жана алар уюмдун жетекчисин шайлашат. Анын башында үй комитетинин төрагасы (домком) болуп, курагы 18 жаштан жогору болууга тийиш. Ал көп кабаттуу үйдүн башкармалыгы менен биргеликте оңдоп-түзөө, жашылдандыруу-көрктөндүрүү өңдүү чарбалык иштерди аткарат. Башкармалыкты атайын Юстиция министрлигинен да каттоодон өткөрүү талап. Көп кабаттуу үйгө байланыштуу бардык чечимдер жалпы жыйында жашоочулардын макулдугу менен гана кабыл алынат жана тийиштүү протокол менен бекитилет. Мисалы, үйдү оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдар үчүн ай сайын батирдин ар бир чарчы метри үчүн 2 же 3 сомдон чогултулсун деген чечимдер бар. Алар жалпы чогулушта каралып, жашоочулар тарабынан аныкталат ", — деди Озокеева.

Ал бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча жалпы жонунан 2953 көп кабаттуу үй бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0