Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакиров: "мейман визасы" өлкө экономикасынын өсүшүнө стимул болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель директора Департамента консульской службы МИД КР Бахтияр Шакиров
Заместитель директора Департамента консульской службы МИД КР  Бахтияр Шакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров чет өлкөлүк коноктор үчүн виза берүү шарты жеңилдетилгенин айтты.
Шакиров: "мейман визасы" өлкө экономикасынын өсүшүнө стимул болот

Чет өлкөдөн келген коноктор үчүн "мейман визасы" иштелип чыкты. Бул тууралуу Бахтияр Шакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул виза 90 күнгө берилип, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө стимул болот.

"Кыргыздар өзү меймандос эл. Жарандарыбыз чет өлкөгө барганда бирөөлөр менен таанышып, достошуп калган болсо, аны Кыргызстанга чакыра алат. Болгону конокторду тосуп ала турган адам мейман чакырып жаткандыгы тууралуу өтүнүч тиркеп койсо, чет өлкөлүктөр 90 күн республика аймагында жүрө беришет. Мындан тышкары, аталган визанын түрү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жардамын тийгизет. Анткени эки адамдын достугу өсүп, чет өлкөлүктөр инвестиция салып калышы ыктымал", — дейт Шакиров.

Ошондой эле ал февраль айында виза төлөмдөрүн бирдиктүү системага келтирүү (унификация кылуу) боюнча документ өкмөткө киргизилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0