Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асем Куттубай кызы

Куттубай кызы: үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адам коргоо ордерин ала алат

125
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асем Куттубай кызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун өсүп жатышынын башкы себеби катары аялдардын көп учурда өз укугун билбегендиги экенин айтат.
Куттубай кызы: үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адам коргоо ордерин ала алат

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам ички иштер органдарына кайрылып, коргоо ордерин алса болот. Бул тууралуу Асем Куттубай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун токтобой жатышына коомдогу айрым стереотиптер жана аялдардын финансылык көз карандылыгы түрткү болуп келет.

"Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун өсүшү аялдардын өз укугун билбегендиктен улам болуп жатат. Кайда барып, кимге кандай жолдор менен кайрылуу керектигинен көптөрүнүн маалыматы жок. Мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам коргоо ордерин алса болот. Эгерде зомбулук фактысы аныкталса, жабыр тарткан жана кордук көрсөткөн адамга ички иштер органдары тарабынан үч күнгө коргоо ордери берилет. Зомбулук дагы деле уланса, коргоо ордери 30 күнгө узартылат. Мындан тышкары, кыргызда стереотиптер орун алып калган. Күйөөсүнөн токмок жеген адамды "балдары менен кайда барат", "барар жери жок" деп же ажырашкан деген статустан коркуп жүрө берет. Ал эми ата-энесине барса, балдары менен бир жума же бир ай батат. Өз алдынча жашап кеткенге акчасы жок. Ошентип аялдар күйөөлөрүнөн каржылык жактан көз каранды. Натыйжада кайра жолдошуна барууга мажбур болот. Ошентип зордук-зомбулук кайрадан уланып, айрым учурда өлүм менен аяктоодо", — деди Куттубай кызы.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк кысымга кабылган аялдар үчүн республика боюнча 14 кризистик борбор иштерин кошумчалады.

125
Белгилер:
маалымат, мыйзам, зордук-зомбулук
Тема боюнча
Куттубай кызы: зомбулук көрсөткөндөргө атайын түзөтүү программасы иштейт
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

68
(жаңыланган 12:39 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов кыргызда күлкүнүн 45 түрү бар экенин айтты.

Кыргызды күлдүрүш кыйын дешет. Чынында ушундай, анткени биздин эл ишенген нерсесине гана күлөт. Бирок бул кыргызда күлкү жанры өнүкпөй калган дегенди түшүндүрбөйт. Мындай пикирин Күмөндөр Абылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

Анын айтымында, аталган жанрды өнүктүрүү иштери колго алынбай жатат.

"Кыргыз элинде күлкү жанры абдан өнүккөн. Мунун далили катары аталган жанрдын 45 түрү бар экенин айтсак болот. Күлкү, күйдүргү, жанытма, кыйытма, апыртма, такмаза, кер какшык, какшык, каяша жана башка, мунун бардыгы ушул жанрга кирет. Керек болсо күлкүнү кыргыздын комузу, манасчылык, төкмөлүк өнөрү сыяктуу деңгээлде алып карасак болот. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр жакшы көңүл бурулбай жатат. Сатира жазгандар жок, болсо да бекер бергиси келбей кийинки муун үзүрүн көрөр деп үйүнө катып койгон. Ал эми куудулдарыбыздын көпчүлүгү театралдык билими, сахна маданияты жок эле эл алдына чыгып алып, чампалап номерлерди коюшууда. Пикеттин деңгээлинен жогору, көрүүчүгө руханий байлык тартуулай турган сатиралар жаралбай калды. Андыктан күлкү жанрына илимий, мамлекеттик деңгээлде карап, иштер жасалуусу керек. Ар бир түрүн иликтеген илимий иштер жазылса, өнүктүрүү коому түзүлүп, куудулдардын билими жогорулатылса кандай жакшы болор эле. Элге мамлекеттик идеологиянын негизинде талаптар коюлуп, дасыккан режиссерлер менен ийине жеткире иштелип чыккан гана номерлер тартууланышы керек", — деди Абылов.

Ал сатирик жазуучулар менен куудулдардын башын бириктирип иш алып баруу маселесин тез арада ишке ашыруу зарылдыгы турганын кошумчалады.

68
Белгилер:
сатира, көйгөй, күлкү, Күмөндөр Абылов
Тема боюнча
Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

27
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Архив

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди

0
(жаңыланган 17:46 24.06.2021)
Буга чейин ЖК комитети Осмоналиевдин талапкерлигин жактырган болчу. Президент аны дипломатиялык кызматка өз жарлыгы менен бекитти.

ИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Осмоналиевди кызматка дайындоону жактырган.

Осмоналиев 2016-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.

0
Белгилер:
юрист, элчи, Кайрат Осмоналиев, БШК, Азербайжан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды