Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкапаров: колледждерде өндүрүштүк окуу комплекси түзүлөт

© Sputnik / Досхан НусупбековИшкерликке окутуу боюнча серепчи Максат Абдыкапаров. Архив
Ишкерликке окутуу боюнча серепчи Максат Абдыкапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерликке окутуу боюнча серепчи Максат Абдыкапаров орто кесиптик окуу жайларында тийиштүү сапаттуу жана заманбап ишкерлик ыкмаларына окутуу бүтүрүүчүлөрдүн бизнес ачып, иштеп кетүүсүнө түрткү бере турганын айтты.
Абдыкапаров: колледждерде өндүрүштүк окуу комплекси түзүлөт

Колледждерде өндүрүштүк окуу комплекстери түзүлөт. Долбоордун максаты жалпы орто кесиптик билим берүү системасын реформалоо болуп саналат. Ага ылайык, сабактардын басымдуу бөлүгү тажрыйба жүзүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу Максат Абдыкапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук концепцияга ылайык, өлкө боюнча сегиз колледжде өндүрүштүк окуу комплекси түзүлүп, аларда студенттер 15 адистик боюнча билим ала алышат.

"Өткөн жылдын декабрь айында ишкерликти окутуу, өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөн. Анда аталган багытты орто кесиптик окуу жайларда эле эмес, мектептерден баштап ЖОЖдорго чейин окутуу сунушталды. Бирок долбоордун алкагында орто кесиптик билим берүү алынгандыктан, иш-чарада көтөрүлгөн маселелерди, сунуштарды жана сын-пикирлерди топтоп, улуттук концепция иштеп чыктык. Аталган документте ишкерликке окутуунун негизги шарттары, өбөлгөлөрү, окутуу методикасы жана башка жагдайлар камтылган. Эгерде документ Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилсе, жалпы орто кесиптик билим берүү системасында окутуу өзүнчө сабак катары киргизилмекчи. Концепцияда белгиленгендей, юридикалык статуска ээ болгон өндүрүштүк окуу комплекстери түзүлөт. Долбоор боюнча керектүү жабдуулар сатып алынат. Бул базада студенттер кадимкидей эле мугалимдин коштоосу менен бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүлөт", — деди Абдыкапаров.

Серепчи окуп жаткан тигүүчүлөр, компьютер, унаа оңдоогон усталар кадимкидей эле калкка кызмат көрсөтө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0