Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: учурда түрмөдө күнөөсүз адамдар отурган фактылар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Токон Мамытов. Архив
Акыйкатчы Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчы Токон Мамытов жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо боюнча эл аралык тажрыйбаларды изилдеп көрүү зарылдыгын белгиледи.
Мамытов: учурда түрмөдө күнөөсүз адамдар отурган фактылар бар

Түрмөдө күнөөсүз адамдар отурган фактылар бар. Бул боюнча мага жакындары, укук коргоочулар, ал эле эмес, абак кызматкерлеринен да кайрылуулар түшөт. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлүм жазасын кабыл алыш үчүн сот, укук коргоо системасын жакшыртуу зарыл.

"Өлүм жазасын кабыл алардан мурда сот жана укук коргоо системасынын ишинин сапатын жогорулатуу керек. Бүгүнкү күндө Акыйкатчы институтуна өмүр бою эркинен ажырагандардан, алардын жакындарынан, адвокаттарынан, жада калса абак кызматкерлеринен кайрылуулар келип жатат. Аларды текшере келсек, айрымдарынын күнөөсүз түрмөдө отурганы боюнча бир нече факты аныкталды. Андыктан өлүм жазасын киргизүүдөн мурда аталган тармактарды ачык, жеткиликтүү, калыс иштөөгө алып барышыбыз керек. Андан соң гана бардык тарабынан дыкат иликтөөгө алып, кандай учурда кимдерге өлүм жазасын киргизүүгө болорун талкууласак болот", — деди Мамытов.

Ошондой эле акыйкатчы коомчулукта ар кандай кылмыштардын алдын алуу үчүн профилактикалык иштерге басым жасоо зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0