Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова

Кенжематова: Кырчында лыжа тебүүчү база курулат

66
(жаңыланган 18:00 22.01.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова лыжа тебүүчү базаларды курууга инвестиция тартуу аракеттери жүрүп жатканын айтты.
Кенжематова: Кырчында лыжа тебүүчү база курулат

Кырчында лыжа тебүүчү база курулат. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келишим ишке ашып калса бир-эки жылда курулуш иштери башталат.

"Туризмди өнүктүрүү максатында 19 инвестициялык долбоор даярдаганбыз. Анын ичинен Кырчынга лыжа тебүүчү база куруу бар. Учурда инвесторлор жерди көрүп кетишти. Долбоордун акыркы баскычтары боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталууда. Оюбуз ишке ашып калса 1-2 жылдын ичинде курулуш башталат. 2014-2015-жылдары Өзгөн районундагы Төөчү тоосуна лыжа тебүүчү база куруу боюнча Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Бул демилгенин алкагында климаттык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыгуу зарылдыгы турат. Мындан тышкары, Алайда жана Ноокатта ушундай базаларды куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Инвесторлор дагы бар", — деди Кенжематова.

Ошондой эле ал инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мыйзам чегинде жер бөлүп берүү жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

66
Белгилер:
инвестор, тоо, Тоо-лыжа базасы, лыжа, туризм
Тема боюнча
Кантип жетип, канча төлөйм? Кыргызстандагы лыжа базаларында эс алуунун акысы
CNN Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу өлкөлөрдүн катарына кошту
ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев

Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

28
(жаңыланган 17:30 31.10.2020)
ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кинологиялык борборунун улук инспектору, милициянын капитаны Эрлан Искембаев аталган борбордун ачылганына жарым кылымга чукулдап калганын айтты.
Кинолог: көп жыл иштеген кызматтык иттер "пенсияга" чыгарылат

Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул тууралуу Эрлан Искембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кинолог кесибинин ээси болуш үчүн 6 айдан бир жылга чейин окутулат.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

"ИИМдин кинологиялык борбору 1973-жылы түптөлгөн. Анда окутуп-үйрөтүү үчүн тийиштүү техникалык база бар. Бул республика боюнча бирден-бир базасы бар кинологиялык борбор болуп саналат. Ал жакта эмгектенген кинологдорго бир же эки ит бекитилет. Кызматтык иттер атайын комиссиянын тандоосу менен алынат. Себеби төрт буттуу досторубуздун айрымдары коркок болуп же саламаттыгы ылайыксыз болуп калышы ыктымал. Бир кинолог өзүнө бөлүнгөн иттерди гана машыктырууга укугу бар. Кызматтык иттер 10 жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан алар "пенсияга" чыгарылат. Бул иттер деле биринчи кезиккен адамга берилбейт. Жакшы кам көрүп, тийиштүү деңгээлде бага ала турган адамдарга гана берилет. Жеке өзүм бир итти "пенсияга" узаттым", — деди Искембаев.

Кинолог кызматтык иттер кылмыш иликтөө, баңгизаттарды издеп табуу, жардыруучу заттарды аныктоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу төрт багытта даярдала турганын кошумчалады.

28
Белгилер:
кинолог, ИИМ, кызматтык иттер
Тема боюнча
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев

Токтогазиев: 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылат

27
(жаңыланган 17:09 31.10.2020)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев кыска жана узак мөөнөттө ишке аша турган пландары бар экенин маалымдады.
Токтогазиев: 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылат

Айыл чарба жаатында 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылып калат. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүк берилсе аталган тармакта узак мөөнөттө жасала турган пландар дагы ишке ашырылат.

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

"Кыска мөөнөттө ишке ашып жана узак убакытта өзүнүн жемишин бере турган пландар бар. 100 күндүн ичинде коомчулуктун көзүнө көрүнүп, сезиле тургандай натыйжаларга жетишүүнү көздөп жатабыз. Кийин эл тарабынан дагы да ишеним артылса, системалуу өзгөрүүлөр жасалат. Кыргызстандын айыл чарбасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү зарыл. Кайсы гана өлкөдө болбосун биздин продукциялар мыкты сапатта болуп, Кыргызстандын бренди катары мыкты азыктарды чыгарууга жетишүү керек", — деди Токтогазиев.

Министр жыл этегине чейин аталган тармакты санариптештирүү боюнча иштер аяктап кала турганын кошумчалады.

27
Белгилер:
реформа, айыл чарба, санариптешүү, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады
Парктын көлмөсүндө өрдөк

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.  

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18  жана Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы