Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков. Архив

Болотбеков: КРде хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт

35
(жаңыланган 18:03 22.01.2020)
Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков өлкөдө хоккей спортунун деңгээли кыска убакыттын ичинде көтөрүлүп калганын айтты.

Кыргызстанда 2-7-мартта хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт. Аталган турнир өлкө тарыхында биринчи жолу өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, турнир эки тур менен өтүп, ага Кыргызстан, Малайзия, Филиппин жана Кувейттин хоккейчилери катышат.

"Жакында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт. Муну өткөрүүнү 2018-2019-жылдары пландап, тандоо оюндарын ойногонбуз. Эске салсак, Абу-Дабидеги оюндарда чыр чыгып, аны соттон утуп алганбыз. Өткөн жылдын май айында Италиядагы конгрессте хоккейдин өнүгүшүнө салым кошолу деген ниет менен Кыргызстанда дүйнө чемпионатын өткөрүүнү сунуштаганбыз. Ал кабыл алынып, учурда турнирди өткөрүүгө кызуу даярдыктар жүрүүдө. Атайын комиссиянын коопсуздук, муз аянты, медицина боюнча койгон талаптарынын 80 пайызын аткардык", — деди Болотбеков.

Ошондой эле ал турнирди жеңген команда 4-дивизиондун дүйнө чемпиону аталып, 3-дивизионго көтөрүлүүгө жолдомо ала турганын кошумчалады.

35
Белгилер:
муз аянты, дүйнө чемпионаты, хоккей
Тема боюнча
Ат-Башынын Казыбегинде муз аянтчасы ачылып, хоккей боюнча турнир өттү. Сүрөттөр
КР хоккейчилери кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо туруна катышат