Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саламакунов: бейтапка операция жасоо чечими дароо эле кабыл алынбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаХирург-эндоскопист Талант Саламакунов
Хирург-эндоскопист Талант Саламакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хирург-эндоскопист Талант Саламакунов бейтаптар ооруп кыйналганда гана дарыгерге кайрыла турганын айтты.
Саламакунов: бейтапка операция жасоо чечими дароо эле кабыл алынбайт

Дарыгерлер бейтапты дарылоо менен гана алектенип, акча жагына кийлигишпегени жакшы. Бул тууралуу Талант Саламакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" програмасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар клиникалык минимумдан өткөндөн кийин анын натыйжасына жараша кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керек.

"Милдеттүү түрдө операция жасала турган учурлар абсолюттук абал делет. Ошол эле сокур ичеги, өттөгү таштын өрчүп, суук тийип оорутушу. Мындай жагдайда операция жасалышы керек. Калган учурларда оорунун түрүнө жараша чечим чыгарылат. Консервативдүү  түрү — бул дары-дармек менен илдетти айыктыруу. Мындан натыйжа чыкпаса, хирургдун аралашуусуна туура келет. Бизге бейтаптар көбүнчө кыйналып жатканда гана кайрылат. Алгач алар клиникалык минимумдан өтөт. Ал үчүн кан тапшырылып, заарадан анализ алынат. Бейтапты УЗИден өткөрүп, рентгенге тартуу зарыл. Булардын натыйжасына жараша кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүшүбүз ыктымал. Андан кийин гана клиникалык же хирургиялык жол менен дарыланары билинет. Айрым адамдар көзөмөлдөн өтүүдөн же операциядан качып, элдик медицинага ыкташат. Бул ыкма деле оорунун түрүнө жараша канчалык бир деңгээлде жардам берет. Бирок көп учурда толук айыга алышпайт. Андыктан бейтаптар өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, врачтарга кайрылганы туура", — деди Саламакунов.

Хирург дүйнөлүк стандарт, критерий, көрсөтмөлөргө туура келбей калган жагдайда операция жасоо чечимин чыгаруу татаал экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0