Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ойтемиров: балалуу болгон ата беш күндүк эмгек өргүүгө чыга алат

© Sputnik / Эркин Садыков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров
 Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров "мыйзамга ылайык, бала асырап алган учурда камкорчу 70 күндүк эмгек өргүүсүнө чыкса болорун" айтты.
Ойтемиров: балалуу болгон ата беш күндүк эмгек өргүүгө чыга алат

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнү аталар дагы колдоно алат. Анын убактысы беш күндү түзөт. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланы асырап алса аял же эркек экенине карабастан 70 күн өргүү алуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Балалуу болгон аталар мыйзам боюнча беш күндүк эмгек өргүүгө чыгууга укугу бар. Бул жубайына камкордук көрүп, төрөтканадан үйүнө чыгарып келип алуу үчүн берилет. Ал эми бала асырап алганда атасы же апасы 70 күнгө өргүүгө чыга алат. Бала асырап алуу же төрөлгөн ымыркайды багуу үчүн алынуучу үч жылдык өргүүлөрдө аял менен эркекке бирдей укук, милдет каралган. Андыктан аталардын эмгек өргүүсү бул учурларда энелердикинен такыр айырмаланбайт. Ошондой эле жаран баланы багуу боюнча өргүүгө чыгып, бирок ал убакта башка жумуш иштегени белгилүү болсо жумуш берүүчү тарабынан дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат", — деди Ойтемиров.

Ошондой эле ал бала чоңойтууга аталарды активдүү катышып, мыйзамдагы мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0