Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбеков: бейтааныш адамдар он мүнөттө үч жолу калп айтат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков мимика, жаңсоо, жүрүм-турум аркылуу адамдын психологиялык портретин түзүп, коомдук коопсуздукту сактоого мүмкүн экенин айтты.
Камчыбеков: бейтааныш адамдар он мүнөттө үч жолу калп айтат

Бири-бирин тааныбаган адамдар он мүнөттүн ичинде үч жолу, күнүнө 200 майда жана 4-5 чоң калп айтат. Бул тууралуу Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, профайлинг калпты аныктоочу полиграфтан айырмаланып адамдын кыраакылыгын талап кылат.

"Профайлинг — тез арада адамдын психологиялык портретин түзүү. Ошондой эле маалыматты тастыктоо, тактап айтканда, адам чын-калп айтып жатканын билүү. Адам көп топтолгон жерде жүрүм-турумдарын байкоо аркылуу коопсуздукту сактоо. Бул илим XIX кылымдан баштап Европада популярдуу болуп, 1960-жылдарда Израилдин атайын кызматы тарабынан методикасы иштелип чыккан. Калпты аныктоочу полиграфтан айырмасы мимика, психологиялык абал, жүрүм-турум аркылуу адамдын психологиялык портретин түзүүгө мүмкүндүк берет. Маселен, полиграф жабдуунун жардамы менен жүрөктүн согушу, кан басымдын көтөрүлүшү, дем алуусу аркылуу байкоо жүргүзөт. Ал эми профайлинг илимине адамдын кыраакылыгы керек. Атайын суроолор аркылуу адамдын чын же калп айтып жатканы аныкталат. Негизи адам түшкө чейин көбүрөөк чындыкты айтса, кечке маал калп айтуусу жогорулайт. Буга түшкө чейин иш көп жасалбай, карым-катнаштын аз түзүлөрү себеп. Ошол эле статистита боюнча, эркектер бир жылдын ичинде 1092, аялдар 728 жолу калп айтат. Бирок аялзатынын ички туюму күчтүү болгондуктан башка адам айтып жаткан жалганды аныктоо мүмкүндүгү жогору болот", — деди Камчыбеков.

Адис профайлинг КМШ аймагына 2000-жылдары тараса, Кыргызстанда 2014-жылдан баштап иштеп баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0