Бишкек шаарынын мэринин экономика жана финансы саясаты боюнча биринчи орун басары Алмаз Бакетаев

Бакетаев: Бишкектин бюджетин 12 млрд. сомго жеткирүү пландалууда

41
(жаңыланган 12:56 23.01.2020)
Бишкек шаарынын мэринин экономика жана финансы саясаты боюнча биринчи орун басары Алмаз Бакетаев Бишкектин бюджети 10 миллиард сомдон ашканын, анын жарымынан көбү социалдык тармакка жумшаларын айтты.
Бакетаев: Бишкектин бюджетин 12 млрд. сомго жеткирүү пландалууда

Борбор калаанын 2021-жылдагы бюджетин 12 миллиард сомго жеткирели деп пландап жатабыз. Бул тууралуу Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы шаардык бюджет 10 миллиард 200 миң сом деп кабыл алынды, бирок жыл аягына чейин бул көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.

"Өкмөт жергиликтүү бюджеттин киреше булагын өстүрүү максатында жыл сайын көлөмүн көтөрүп, 2021-жылы жүз пайыз жергиликтүү бюджетке өтө тургандай шарт түзгөн. Мындан тышкары, жердин ижарасы, жарнама, автоунаа токтотуучу жайлар болуп, салыктык эмес кирешелер бар. Бул каражаттын 5,5 миллиард сому билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоого 50 пайыздан ашыгы жумшалат. 1,3 миллиард сом тазалык, жашылдандыруу сыяктуу тиричилик коммуналдык чарбачылыкка кетет. Калган каражат муниципалдык кызматкерлердин маянасына жана муниципалдык карыздарды жабууга каралган", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал шаардык бюджеттин 80 пайызы салыктык кирешелер, 10 пайызы салыктык эмес кирешелер жана сегиз пайыздан ашыгы мамлекет тарабынан бөлүнгөн трансферттер экенин кошумчалады.

41
Белгилер:
Бишкек, салык, киреше, бюджет, Алмаз Бакетаев
Тема боюнча
Бишкек мэриясы жарандык демилгелер үчүн 150 млн. сом бөлдү
Жети жылдан кийин тышкы карыз кыстачу күн келеби? Министрлик эмне дейт
Вице-мэр: Бишкектин бюджетин көбөйтчү эки багытка басым жасалат
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова

Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

14
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова атмосферага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтса болорун айтты.
Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

Электр энергиясын үнөмдөө менен экологияга пайда келтире алабыз. Бул тууралуу Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Париж келишиминде дагы ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүүсү зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

"Өлкөдө экологиялык маселелер менен улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча атайын документтер кабыл алынган. Анда айлана-чөйрөгө уулуу заттардын таасирин минималдаштыруу каралган. Ошол эле көмүр жагууну, автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды атмосферага таркашын азайтуу зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша электр кубаты менен иштеген автоунааларга өтүп, күндүн, суунун же шамалдан алынган энергиянын түрлөрүн көбөйтүү керек. Бул технологиялар дүйнөдө жакшы өнүгүп, баасы арзан болуп калды. Өкмөт тарабынан жакшылап көңүл бурулуп, туура саясат жүргүзүлүшү шарт. Эң негизгиси, энергияны үнөмдөп колдонуу зарылчылыгы келип чыгууда. Эгер сарамжалдуу колдоно турган болсок, коңшу өлкөлөрдөн сатып албайбыз. Ошондой эле экологияга тийген терс таасирди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Абдырасулова.

Ошондой эле ал учурда туруктуу энергияны каржылоо программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалады.

14
Белгилер:
Кыргызстан, экология, электр энергиясы
Тема боюнча
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров

Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

998
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкканын айтты.
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Быйыл пандемиядан улам элдин ден соолугуна кам көрүү жана санариптештирүү жылында технологияларды толук пайдалануу максатында министрлик тарабынан жогорку окуу жайларга кабыл алууну аралыктан өткөрүү макулдашылды. 3-4 ай мурун даярдыктарды баштап, долбоор иштеп чыктык. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына жалпы ЖОЖдор үчүн 5700 бюджеттик орун берилет.

"Жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты. Жылына абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин ЖОЖго барып, каалаган кесибин тандап, кутучага талондорун таштачу. Алар ошондой эле тандаган факультетине кандай балл менен канча абитуриент тапшырып жатканын монитордон көрүп турушчу. Быйыл мунун баары онлайн түрдө өтөт. Абитуриенттер өлкөбүздүн каалаган чекитинен системага кирип, ЖОЖдор тууралуу толук маалымат ала алат. Окуу жайлардагы факультеттер, андагы бюджеттик, контракттык орундардын саны менен таанышат. Талонун онлайн-каттоодон өткөрүп, кадимкидей эле башка абитуриенттер кайсы адистикке канча талон, кандай балл менен тапшырып жатканын көрө алышат. Окууга онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-25-июль аралыгында өтөт. Экинчи тур 27синен 31-июлга чейин, ал эми 3-7-август күндөрү үчүнчү тур менен жыйынтыкталат. Система өзү бүтүрүүчүнүн билим алган аймагына карап мурдагыдай эле автоматтык түрдө жеңилдиктерди берет", — деди Өмүров.

Ал өкмөттүн чечими менен кайсы кесипке канчадан орун берилери жана ар бир университетке канча бюджеттик орун бөлүнгөндүгү тууралуу токтом чыгарыларын кошумчалады.

998
Белгилер:
онлайн, пандемия, абитуриент, ЖОЖ, Нурлан Өмүров
Тема боюнча
Аттестат качан берилип, ЖОЖдор кантип кабыл алат? Бүтүрүүчүнүн 8 суроосуна жооп
Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан

0
(жаңыланган 16:19 03.06.2020)
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңгак бышат, бирок көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди. 

Заместитель директора Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Элдияр Шерипов на заседании Жогорку Кенеша. 3 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Депутат Абдыбек Дүйшалиев биосфералык аймак болуп эсептелген Ысык-Көлдө бош жер көп экенин айтып, бул жерде жаңгак бышар-бышпасына кызыкты.

"Көлдө жаңгак бышат жана сапатын жоготпойт. Бирок жергиликтүү эл алма жана өрүк өстүрүп, багбанчылыктын бул түрүн жакшы өздөштүргөн. Бул жемиштер коңшу Казакстанга көп сатылып, жакшы баа болуп берет. Ошол себептен көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Алар өзгөрүүнү каалабайт", — деди Шерипов.

Ошондой эле ал чындап эле көл аймагында бош жерлер көп экенин айтып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында иштетүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
түшүм, алма, жаңгак, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду