Төрөт — физиологиялык оор процесс. Кош бойлуулук 280 күнгө созулат. Башкача айтканда, акушердик календардык 10 айды түзөт. Бул аралыкта аял алгач катталууга барат, андан кийин 18-жумасында, 32, 36 жана 40-жумасында дарыгерге барышы зарыл. Бул тууралуу Миргүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биринчи төрөт толгоо башталып көз жарганга чейин орточо эсеп менен 20 саатка, ал эми кийинкилери 10-15 саатка созулат.
"Кош бойлуу аял дароо ооруканага барып катталуусу зарыл. Дарыгерлер анын ден соолугун текшерип, ага жараша витаминдерди жазып берет. Кан тапшырып, гемоглобини текшерилет. Фолий кислотасы баланын нерв түтүкчөсүнүн аномалиясын алдын алат. Биринчи үч айлыкта йод дагы кабыл алышы керек. Себеби биздин тамак-аштарда йод жетишсиз. Андан тышкары, аял психологиялык жактан да көз жарууга даярданышы абзел. Бул учурда боюнда бар аялга учакка отурганга, узак жол жүрүүгө, жер төлөдө иштөөгө болбойт. Ал демейдегиден көбүрөөк таза абада жүрүшү шарт. Көп кыймылдаса төрөгөнгө да жеңил болот. Кээде суу кетип толгоо келбеген учурлар болот. Бул абдан кооптуу жагдай. Мындан улам баланын киндиги түшүп калышы ыктымал. Айы-күнү жеткен болсо дарыгердин көзөмөлүндө болуп, аман-эсен өздөрү көз жарат. Айрымдарынын мөөнөтү келе элек болсо ооруканага жаткырып, аялды толук көзөмөлгө алып, өз убагына чейин жеткирип төрөтөбүз. Ал эми абалы начарласа, толгоо чакырып эрте төрөткөнгө туура келет", — деди Исмаилова.
Акушер-гинеколог төрөткө аз калганда аялдын ичи ылдыйлап, бели, ичи ооруп, коюу суюктук бөлүнүп чыга баштаганы кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.
Ипотека алууда пайыздарды төмөндөтүү шарты кардардын алгачкы төккөн төлөмүнө жараша эсептелет. Мисалы, баштапкы төлөм катары жалпы сумманын 10 пайызы төлөнсө, анда сегиз пайыздык ченем менен насыя берилет. Мындай маалыматты Мирланбек Байгончоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин колдоо үчүн республикалык бюджеттен сырткары башка тараптардан инвестицияларды тартуу каралууда.
"Мамлекеттик ипотекалык насыя буга чейин 7-9 пайыз болсо, өкмөттүн буйругуна ылайык, 6-8 пайызга төмөндөтүлдү. Башкача айтканда, бир пайызга ылдыйлады. Мындан тышкары, Экономика министрлиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания биргелешип өнүгүү концепциясын даярдады. Анда ипотека боюнча жеңилдетүүлөр да каралышы мүмкүн", — деди Мирланбек Байгончоков.
Аткаминер Германия мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга гранд катары 10 миллион евро каражаты берилгенин кошумчалады.
Санарип акча менен өндүрүштү өстүрүп, экономиканы көтөрсө болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санарип акчаны колдонуу боюнча долбоорду сынамык түрүндө киргизүү демилгеленип жатат.
"Коомчулукта электрондук акча менен санарип акчанын айырмасын түшүнгөндөр аз. Маселен, электрондук акчаны накталай түрдө алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми санарип каражатты накталоого болбойт. Аны күнүмдүк турмушта соода тегеретүүдө да колдоно албайбыз. Санарип акча өндүрүштөр аралык кызмат көрсөтүү жана товар алмашууда айлантылат. Ошондой эле мамлекет менен өндүрүш компаниялардын ортосундагы салык, соцфонд сыяктуу ар кандай төлөмдөр дагы санарип акча аркылуу жүргүзүлөт. Мисалы, кайсы бир компания мамлекеттин тапшырыгы менен мектеп кура турган болсо, ага санарип акча берилет. Компания ал каражатка цемент, кирпич, куруу материалдарын сатып алат. Ал эми санарип сомго соода кылган өндүрүштөр мамлекетке төгө турган төлөмдөрүнөн ошол акча аркылуу кутулса болот. Натыйжада өлкөдө акчанын көлөмү көбөйүп, өндүрүштүн өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал санарип акча өлкө ичинде гана колдонулуп анын кепили катары мамлекет турарын кошумчалады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.