Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамыров: салык декларациясы боюнча элге түшүндүрүш керек

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель одного из отделов государственной налоговой службы Акылбек Мамыров
Руководитель одного из отделов государственной налоговой службы Акылбек Мамыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамыров бирдиктүү салык декларациясын киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу техникалык себептерден улам жасалып жаткандыгын айтты.
Мамыров: салык декларациясы боюнча элге түшүндүрүш керек

"Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамынын алкагында бирдиктүү салык декларациясын толтуруунун мөөнөтү узартылып, үч этапка бөлүнүп ишке кирмей болду. Анын башкы себеби жарандарга аталган мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат жеткирүү болуп саналат. Бул тууралуу Акылбек Мамыров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын аткарылышынын мөөнөтүнүн кечеңдетилишинин дагы бир негизги себеби - тиешелүү кызматтарды техникалык жактан жабдуу керек.

"Бирдиктүү салык декларациясы мыйзамы ушул жылдан баштап иштей баштамак. Бирок тиешелүү кызматтар, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы техникалык жактан даяр болбогондуктан кийинки жылга жылдырылды. Ошону менен катар эле башкы себептеринин бири - бул боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Калк мыйзам тууралуу кенен маалымат ала электе эле аны салык төлө, декларация толтур деп кантип мажбурлайбыз?" — деди Мамыров.

Ал ошондой эле мыйзам ишке кирсе, 4 миллион кыргызстандык бирдиктүү салык декларациясын толтурууга милдеттендирилерин кошумчалады.

Эске салсак, Экономика министрлиги Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй жалпы кыргызстандыктар 2020-жылдан баштап бирдиктүү салык декларациясына өтүүсү керек болчу. Эми мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бул аракеттер 2021-жылдан тарта 2025-жыл аралыгында үч этап менен бөлүнүп ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0