Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Догоев: жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргогон мекеме түзүлөт

© Sputnik / Асель СыдыковаГлава ГКИТС КР Дастан Догоев
Глава ГКИТС КР Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргогон мекеме жакында ишке кирерин айтты.
Догоев: жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргогон мекеме түзүлөт

Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын коопсуздугун коргогон мекеме түзүү тапшырмасы өкмөт тарабынан бизге жүктөлгөн. Учурда тиешелүү документтер иштелип чыгып, өкмөткө жиберилди. Премьер-министр кол койгон соң ишке кирет. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мекемени түзүүдө алгач үч багытта иштер жасалат. Биринчиден, бул ишкананын аткарчу функцияларын, жоопкерчилигин аныктап жобосун иштеп чыгуу, аталган мекемени түзүү жана ал ишке кирген соң жарандардын маалыматтык коопсуздугу багытындагы мыйзамдарды карап чыгуу.

"Президенттин жеке демилгеси менен "Санарип Кыргызстан" аттуу санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыккан. Анын алкагында үч стратегияны ишке ашыруу пландалууда. Алар санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды калкка электрондук форматта жеткиликтүү кылуу жана санариптик технологиянын жардамы менен туруктуу экономикалык өсүүгө умтулуу. Бул концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 2019-жылдын 15-февралында 2019-2023-жылдарды камтыган атайын жол картасы бекитилген. Анын алкагында санариптештирүү иштеринин жүрүшүндө жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргоочу атайын мамлекеттик мекеме түзүү зарылчылыгы келип чыгып, ал биздин мекемеге жүктөлгөн. Биз азыр бардык тиешелүү документтерди иштеп чыгып өкмөткө жөнөттүк. Премьер-министр жакынкы күндөрү кол койгон соң, аталган ишкана түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн баштайт", — деди Догоев.

Ал мекеме иштеп баштаса жарандардын маалыматтык коопсуздугун коргоо багытындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр кириши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0