Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткеримов: өлкөдө дзюдо спорту өнүгүп жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаИсполнительный секретарь Федерации дзюдо КР Урматбек Маткеримов
Исполнительный секретарь Федерации дзюдо КР Урматбек Маткеримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов алдыда өтө турган дзюдо боюнча чемпионаттын максаты 2020-жылга карата кыз-келиндер жана эркектер арасында улуттук курамды аныктоо жана түзүү экенин айтты.
Маткеримов: өлкөдө дзюдо спорту өнүгүп жатат

29-31-январь күндөрү кыз-келиндер жана эркектердин ортосундагы дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Аталган турнирден 1-3-орунду ээлегендер улуттук курама командага кошулат. Бул тууралуу Урматбек Маткеримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикалык чемпионаттан 1-2-орунду ээлегендер дзюдо боюнча спорттун чебери, ал эми 3-5-орунду алгандар дзюдо боюнча спорт чеберчилигине талапкер болушат.

"Дзюдо боюнча үмүт берген жаш балбандарыбыз чыгып келе жатат. Чыңгыз Сагыналиев деген спортчубуз былтыр Алматыда өткөн дүйнө чемпионатында кадеттер арасында 3-орунду алды. Андан тышкары, Кубанычбек Айбек уулу, Адил Мырзаев, Артур Тё, Болот Токтогонов, Владимир Золоев, Юрий Краковецкий деген жигиттерибиз бар. Булардын айрымдары улуттук курамага кирет, калгандары эл аралык дзюдо федерациясынын түзүлгөн рейтингинде жетиштүү упай топтой алышса Олимпиадага лицензия алат. Рейтингдин көрсөткүчтөрү менен интернет аркылуу таанышууга болот", — деди Маткеримов.

Ал ошондой эле республикалык чемпионат жети салмак категориясында өтүп, анда бардык региондон жашы 16дан ашкан спортчулар 14 комплект медаль үчүн күч сынаша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0