Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакубекова: дарылар майнапсыз болсо, дарыгерлер бейтапка жазып бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаДары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адиси Айгүл Жакубекова
Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адиси Айгүл Жакубекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адиси Айгүл Жакубекова өлкөдө жашоого өтө маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси гана колдонуларын айтты.
Жакубекова: дарылар майнапсыз болсо, дарыгерлер бейтапка жазып бербейт

Фармацевтикалык рынокко келген дарылар майнапсыз болсо, дарыгерлер бейтапка жазып бербейт. Ал тургай натыйжасы жок деп "сары карта" берет. Бул тууралуу Айгүл Жакубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фармацевтикалык тармактын жазылбаган мыйзамдары боюнча мындай дары-дармектер рыноктон чыгып кетет.

"Интернетте жазылган "натыйжасыз дарылардын тизмеси" Кыргызстанда жараксыз. Мыйзам боюнча, жашоого өтө маанилүү дарылардын улуттук тизмесин гана колдоно алабыз. Башкасын колдонууга укугубуз жок. Интернетте тарап жаткан "натыйжасыз дарылардын тизмесин" көрүп, көп катачылыктарды байкадым. Мисалы, анда эл аралык анатомиялык-химиялык-терапевтикалык квалификациялык коду бар дарылар жүрөт. Алардын натыйжалуулугу дары-дармек тармагындагы күчтүү окумуштуулар жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна караштуу комитет тарабынан тастыкталган. "Натыйжасыз дарылар" делинген тизмеде 141 дары бар экен. Аны түзгөн адамдын сабаты болсо, дарылардын эл аралык паттентелбеген аталышы менен жазышы керек болчу. Ал жерде фирмалык аталышы менен жазылган. Андан тышкары, беш-алты дары бир молекулага таандык болууда. Тизмеде 30га чукул молекула жөнүндө сөз жүрүп жатат. Башкача айтканда, 25-30 түргө жетпеген дарыларды 141ге чейин жеткирип, ызы-чуу жаратуу үчүн түзүлгөндөй түр калтырат. Бул жерде анчалык деле чоң көйгөй жок", — деди Жакубекова.

Адис дары-дармектерди жасоо, өнүктүрүү, сатуу, анын натыйжалуулугун жана коопсуздугун көзөмөлдөөнү бир эле илим карабай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0