Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыралиев: автоунааларды газга өткөрсөк шаардын абасы тазарат

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава группы по эксплуатации и развитию автомобильной газонаполнительной компрессорной станции "Газпрома" Русланбек Кадыралиев
Глава группы по эксплуатации и развитию автомобильной газонаполнительной компрессорной станции Газпрома Русланбек Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын автоунаа газын пайдалануу тобунун жетекчиси Русланбек Кадыралиев Кыргызстанда автоунаа газынын эки түрү колдонуларын айтты.
Кадыралиев: автоунааларды газга өткөрсөк шаардын абасы тазарат

Автоунааларды газга өткөрсөк, шаардын абасы тазарат. Анткени бензин менен дизелге салыштырмалуу газдын абага тийгизген зыяны бир кыйла аз. Бул тууралуу Русланбек Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, абанын булгануусуна Бишкекте 90 пайыз, өлкө боюнча 60 пайызга чейин автоунаалар себепкер.

"Кыргызстанда автоунаа газынын суюлтулган (пропан) жана табигый (метан) деген эки түрү бар. Суюлтулган газ бул нефть азыктары болуп саналат.Учурда табигый газ куйган бекеттерди көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Анткени метан сарамжалдуу жана экологияга тийгизген терс таасири абдан аз. Экөөнү экономикалык жана техникалык жактан салыштырып көрөлү. Маселен, пропан Кыргызстанга даяр продукция болуп келгендиктен сапаты жагынан мүчүлүштүктөр бар. Ал эми метан газ куюучу бекеттен тазаланып кургатылат жана автоунааларга берилет. Демек анын сапаты газ куюучу жайдан көз каранды болот. Баасына токтоло турган болсок, пропан метанга салыштырмалуу суроо-талап күчөгөн мезгилде наркы көтөрүлүп кайра түшүп турат", — деди Кадыралиев.

Ошондой эле ал метан техникалык жактан колдонууда ыңгайлуу болгондуктан дүйнө жүзүндөгү автобустардын көпчүлүгү ушул зат менен жүрө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0