Бишкек шаардык перинаталдык борборунун акушер-гинекологу Миргүл Исмаилова

Акушер-гинеколог: төрөт учурунда дарыгерди угуу зарыл

453
Бишкек шаардык перинаталдык борборунун акушер-гинекологу Миргүл Исмаилова эгер аял төрөт учурунда туура эмес ыйынса, организмине күч келе турганын айтты.
Акушер-гинеколог: төрөт учурунда дарыгерди угуу зарыл

Учурда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кош бойлуулар үчүн жакшы шарт түзүлгөн. Ремонт жасалды, бөлмөлөр  жетиштүү. Бир жылда 10 миңге жакын төрөт кабыл алынат. Бул тууралуу Миргүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял төрөт үйүнө барарда медициналык картасын, паспортун, балага жана өзүнө керектүү кийим-кечелерин гана алышы керек. Дары-дармек алуунун кажети жок.

"Төрөттөгү ыйынуу учуру абдан татаал жана жоопкерчиликтүү. Туура эмес ыйынган маалда түйүлдүктүн киндиги кыска болсо бала эненин ичинде суу жутуп алып, жүрөгүнө доо кетиши ыктымал. Ошондуктан төрөт учурунда аял акушер жана дарыгерди угушу керек. Алар кайсы учурда дем алып, ыйынышын айтып турушат. Ал эми кесарево ыкмасы пландуу жана шашылыш түрдө жасалат. Эгер буга чейин да операция жолу менен көз жарса, жатындын тону туура эмес жайгашса, бала туурасынан жатып калса, жамбашы менен төрөлө турган болуп, көлөмү чоң болсо, андан тышкары, невропатолог, травматолог, окулисттер өзү төрөй албайт деп чечим чыгарса операция жасалат. Ошондой эле кан кетип, жүрөгүнүн согушу начарлап, баланын киндиги эрте түшүп калса да шашылыш түрдө кесарево жасайбыз", — деди Исмаилова.

Дарыгер кош бойлуулукка атайын даярдануунун деле кереги жоктугун, дени сак жашоо образын кармануу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

453
Белгилер:
гинеколог, акушер
Тема боюнча
Исмаилова: дени сак болсо кош бойлуу аял гинекологго 5 эле жолу барат
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров. Архив

Пакыров: орто жана чакан бизнес өлкөдөгү инвестициялык абалдын күзгүсү

29
(жаңыланган 15:34 25.01.2021)
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров сырткы инвестицияга гана көңүл бурбай ички инвестицияны да карап, чакан жана орто бизнеске маани берүү зарылдыгын билдирди.
Пакыров: орто жана чакан бизнес — өлкөдөгү инвестициялык абалдын күзгүсү

Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.

"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.

Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.

29
Белгилер:
инвестициялар, бизнес, Фархат Пакыров
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: жаман китеп болбойт

30
(жаңыланган 12:28 25.01.2021)
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова "жаман китеп" деген түшүнүк жоктугун,  жаман окурман болушу мүмкүн экендигин айтты.
Садыкулова: жаман китеп болбойт

Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.

"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.

Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.

30
Белгилер:
жаштар, билим, китеп
Тема боюнча
Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

0
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

0
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди