Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиленова: кыргызстандыктар бир учурда башка өлкөнүн да жараны боло алат

© Sputnik / Асель СыдыковаЖарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова
Жарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова бир учурда эки өлкөнүн жарандыгын кантип алса болору тууралуу айтып берди.
Тиленова: кыргызстандыктар бир учурда башка өлкөнүн да жараны боло алат

Учурда Кыргызстандын кош жарандуулук боюнча дүйнөнүн бир да мамлекети менен макулдашуусу жок. Бирок чектешпеген мамлекеттердин жарандары бир эле учурда кыргыз паспортун да ала алышат. Бул тууралуу Анара Тиленова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай эреже "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинде көрсөтүлгөн.

"Эгер кыргызстандык адам өз жарандыгынан баш тартпай туруп, өлкө менен чектешпеген мамлекеттердин жарандыгын алса, ал бир эле учурда эки өлкөнүн тең жараны болуп кала берет. Бирок ал жарандыкты алып жаткан өлкөлөр Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууну талап кылса, ал мамлекеттин паспортун алуу максатында убактылуу кыргыз жарандыгынан баш тартып турса да болот. Тактап айтканда, ал мамлекеттин жараны болуп алган соң, кайра келип Кыргызстандын паспортун алуу мүмкүнчүлүгү бар. Буга мыйзам жол берет. Бирок мындай жарандык ошол мамлекеттер тарабынан таанылбайт. Башкача айтканда, алар биздин да, Кыргызстандын да жараны боло бер деп макулдук бербейт. Бул багытта бир да мамлекет менен келишимибиз жок. Мындай учурда Кыргызстандын жарандыгы биздин өлкөнүн ичинде гана жарайт жана ал мыйзамда көрсөтүлгөн бардык укуктарынан пайдалана алат", — деди Тиленова.

Ал мындай мүмкүнчүлүктөн Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандан башка өлкөлөрдүн жашы 18ге толгон бардык жарандары пайдалана ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0