Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткеримов: өлкөдө дзюдо менен машыккандардын саны 7000ге барды

© Sputnik / Асель СыдыковаДзюдо боюнча улуттук федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов. Архив
Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов Кыргызстанда дзюдо спортуна кызыгуу күч экендигин айтты.
Маткеримов: өлкөдө дзюдо менен машыккандардын саны 7000ге барды

Өлкөдө дзюдо боюнча 100дөн ашык машыктыруучу бар. Алардын ар бирине 20-30дан адам барып, жалпы машыккандардын саны 5-7 миңге чукулдап калды. Бул тууралуу Урматбек Маткеримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл машыктыруучулардын квалификациясын көтөрүүгө басым жасалууда.

"Дзюдо спорту акыркы он жылдыкта кыйла эле өнүгүп калды. Машыккандардын арасынан жаш балдардан тарта жашы өтүп калган адамдарга чейин көрүүгө болот. 100дөн ашуун машыктыруучу 20-30дан адамды машыктырып, дзюдо менен алектенгендердин жалпы саны 5-7 миңге чукулдап калды. Быйыл машыктыруучулардын жана калыстардын квалификациясын көтөрүүгө басым жасалууда. Эл аралык дзюдо федерациясы тарабынан 2020-жылга календарлык планы бекитилген. Ага ылайык, быйыл январь айында Катарда окутуу жана машыктыруу боюнча теориялык жана практикалык түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү. Ага бизден эки өкүл катышып, үйрөнүп келишти. Ал жактагы окутуулар электрондук түрдө дагы таркатылат. Анын негизинде федерация калыстарга жана машыктыруучуларга жылына эки жолу окутуу жүргүзөт", — деди Маткеримов.

Ал быйыл Токиодо өтө турган XXXII жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданын өкүлдөрү чет өлкөлөрдөгү окуу-машыгууларга катышып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0