Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайыпов: былтыр оор кырдаалга кабылгандардын саны 5369га жеткен

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов. Архив
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов үй-бүлөлөр жана балдар ар кандай жагдайлардан улам турмуштук оор кырдаалга кабылганын айтты.
Кайыпов: былтыр оор кырдаалга кабылгандардын саны 5369га жеткен

2019-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын саны өлкө боюнча 5369ду түздү. Бул тууралуу Шабдан Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай шарттагы 2100 адам менен жекече иштөө планы кабыл алынган.

"Ата-энесин же алардын бирөөсүн жоготкон, ташталган балдар, түрдүү зордук-зомбулукка туш болгон адамдар турмуштук оор кырдаалга кабылган болуп эсептелет. 2019-жылы өлкө боюнча мындай 5369 жаран катталды. Алгач алар эмнеден улам мындай кырдаалга кабылганы аныкталат. Мисалы, жөлөк пул алууга керектүү документтери жок, ата-энеси жумушсуз, материалдык жактан кыйналган үй-бүлөлөр болушу мүмкүн. Мунун баарын райондордогу балдар иштери боюнча комиссия иликтеп, анын натыйжасында жекече иштөө планын бекитет. Ага ылайык, бардык мамлекеттик мекемелер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барат", — деди Кайыпов.

Адис жекече иштөө планы турмуштук оор кырдаалга кабылгандардын муктаждыгынын жыйынтыгында түзүлүп, ошого жараша иш алып барыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0