Газпром Кыргызстан ЖЧКсынын Газ толтуруу компрессордук станциясын өнүктүрүү жана эксплуатациялоо тобунун жетекчиси Русланбек Кадыралиев

Кадыралиев: унааны газга которууда баллон кайдан чыкканына көңүл буруу керек

91
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Газ толтуруу компрессордук станциясын өнүктүрүү жана эксплуатациялоо тобунун жетекчиси Русланбек Кадыралиев өлкөдө автоунааларды газга өткөргөндөр көбөйө баштаганын айтты.
Кадыралиев: унааны газга которууда баллон кайдан чыкканына көңүл буруу керек

Автоунааны газга которуу коопсуз. Анткени ал абадан жеңил болуп, топтолбой тарап кетет. Бул тууралуу Русланбек Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунаага газ куйган бекеттерди курууга жарым миллион сомдон ашык каражат кеткендиктен алардын саны аз болуп жатат.

"Негизи газ, бензин, дизель болобу, кайсынысы бир жерге топтолсо, жарылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан техникалык коопсуздукту сактоо зарыл. Автоунаага газ койдуруп жатканда баллон каяктан чыгарылганына өзгөчө көңүл буруу керек. Тилекке каршы, бул тармак жаңыдан өнүгүп жаткандыктан тийиштүү кызматтар көзөмөлгө албайт. Мындан улам айдоочуларды баллон өндүрүүчүлөр тууралуу өз алдынча маалымат алууга чакырам. Анткени баллон сапаттуу болсо, автоунаа кырсыкка кабылганда жарылып кетүү коркунучу жаралбайт. Мисалы, метан (табигый газ) баллонунун басымы 600, пропандыкы (суюлтулган газ) 24, газдыкы 16 атмосфер. Газ менен пропандын басымы аз болгондуктан баллондордун көрсөткүчү айырмаланып турат", — деди Кадыралиев.

Ал ошондой эле өлкөдө автоунааларга газ куйган бекеттердин саны бешөө экенин белгилеп, суроо-талаптын көбөйүшүнө жараша көбөйтүлө турганын кошумчалады.

91
Белгилер:
Кыргызстан, газ, автоунаа
Тема боюнча
Адис унааны газга которуунун негизги артыкчылыктарын атады