Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тилеков: Кыргызстанда жылына 6000дей адамга рак диагнозу коюлат

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков. Архив
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков рактан каза болгондордун көп болушуна жарандардын дарыгерге кеч кайрылуусу себеп экендигин айтты.
Тилеков: Кыргызстанда жылына 6000дей адамга рак диагнозу коюлат

Кыргызстанда жылына 5700дөй адамга рак диагнозу коюлат. Учурда 27 миң оорулуу каттоодо турат. Бул тууралуу Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-февралдын бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү деп белгиленишинин максаты — аталган илдетке коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

"Статистика боюнча өлкөдө 2018-жылы 5700 адамга рак диагнозу коюлган. Учурда жалпысынан 27 миң оорулуу каттоодо турат. Өкүнүчтүүсү кайрылгандардын 55-60 пайызы илдет 3-4-баскычына жетип калганда келишет. Натыйжада медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан алардын 51 пайызга жакыны кайтыш болуп калат. Ошондуктан жарандар өз убагында ден соолугун текшертип турушу керек. Эгерде рак убагында аныкталса, адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Мындан тышкары, аталган дарттын алдын алса да болот. Чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү — рак оорусунун негизги себептери. Мындан тышкары, учурда көпчүлүк адамдар аз кыймылдайт жана эт азыктарын такай жейт. Мына ушул рационду оңдоп, сергек жашоого өтсөк, залалдуу шишиктин пайда болуусунун алдын ала алабыз", — деди Тилеков.

Дарыгер республикада аялдар арасындагы эмчек рагы биринчи орунда, андан соң жатын моюнчасынын, ашказандын жана өпкөнүн рагы турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0