Борбор калаада 20-22-мартта Expo Kyrgyzstan-Eurasia-2020 көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Болот Купешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эмерек көргөзмөсү жана тиричилик буюмдарынын жарманкеси болот.
"Соода-өнөр жай палатасы жылына план боюнча эки ири көргөзмө уюштурат. Анда өндүрүшчүлөр, ишкерлер өздөрүнүн продукциясы тууралуу маалымат берип, пикир алышып, келишимдерди түзөт. Мындан тышкары, көргөзмө-жарманкелер квартал сайын өтүп турат. Биздин палата ишкерлердин көмөгү менен эл аралык көргөзмөлөргө катышып, жетиштүү тажрыйба топтоп калдык. Быйыл Expo Kyrgyzstan-Eurasia-2020 көргөзмөсүн уюштуралы деп турабыз. Ага Индия, Түркия, Кытай, Иран сыяктуу ондогон өлкөлөрдөн ири компаниялар катышат. Бул иш-чара экспорт-импорттун көтөрүлүүсүнө дагы көмөк болот деген ишенимдебиз", — деди Купешов.
Ошондой эле чет элдиктерди кыргыз айыл чарба продукциясы жана кол өнөрчүлүк буюмдары кызыктырарын кошумчалады.
Ипотека алууда пайыздарды төмөндөтүү шарты кардардын алгачкы төккөн төлөмүнө жараша эсептелет. Мисалы, баштапкы төлөм катары жалпы сумманын 10 пайызы төлөнсө, анда сегиз пайыздык ченем менен насыя берилет. Мындай маалыматты Мирланбек Байгончоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин колдоо үчүн республикалык бюджеттен сырткары башка тараптардан инвестицияларды тартуу каралууда.
"Мамлекеттик ипотекалык насыя буга чейин 7-9 пайыз болсо, өкмөттүн буйругуна ылайык, 6-8 пайызга төмөндөтүлдү. Башкача айтканда, бир пайызга ылдыйлады. Мындан тышкары, Экономика министрлиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания биргелешип өнүгүү концепциясын даярдады. Анда ипотека боюнча жеңилдетүүлөр да каралышы мүмкүн", — деди Мирланбек Байгончоков.
Аткаминер Германия мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга гранд катары 10 миллион евро каражаты берилгенин кошумчалады.
Санарип акча менен өндүрүштү өстүрүп, экономиканы көтөрсө болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санарип акчаны колдонуу боюнча долбоорду сынамык түрүндө киргизүү демилгеленип жатат.
"Коомчулукта электрондук акча менен санарип акчанын айырмасын түшүнгөндөр аз. Маселен, электрондук акчаны накталай түрдө алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми санарип каражатты накталоого болбойт. Аны күнүмдүк турмушта соода тегеретүүдө да колдоно албайбыз. Санарип акча өндүрүштөр аралык кызмат көрсөтүү жана товар алмашууда айлантылат. Ошондой эле мамлекет менен өндүрүш компаниялардын ортосундагы салык, соцфонд сыяктуу ар кандай төлөмдөр дагы санарип акча аркылуу жүргүзүлөт. Мисалы, кайсы бир компания мамлекеттин тапшырыгы менен мектеп кура турган болсо, ага санарип акча берилет. Компания ал каражатка цемент, кирпич, куруу материалдарын сатып алат. Ал эми санарип сомго соода кылган өндүрүштөр мамлекетке төгө турган төлөмдөрүнөн ошол акча аркылуу кутулса болот. Натыйжада өлкөдө акчанын көлөмү көбөйүп, өндүрүштүн өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал санарип акча өлкө ичинде гана колдонулуп анын кепили катары мамлекет турарын кошумчалады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.