Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Станбеков: "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" долбоору ишке ашат

© Sputnik / Досхан НусупбековДиректор Центра электронного здравоохранения Бахтияр Станбеков
Директор Центра электронного здравоохранения Бахтияр Станбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук борборунун директору Бахтияр Станбеков санариптештирүүгө багытталган "Мектеп медицинасы" долбоору ишке аша турганын айтты.
Станбеков: "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" долбоору ишке ашат

"Мектеп медицинасы" долбоорунун алкагында алынган аппарат бекер келген. Аны сыноодон өткөрүү убагында натыйжасыз болуп чыкты. Бул тууралуу Бахтияр Станбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын башында Коопсуздук кеңеши "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" долбоорун киргизүү чечимин чыгарган.

"Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери биргеликте иш алып барып, жакынкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеди. Анын алкагында РФтин медицина тармагында аппараттык комплекстерди өндүргөн компаниянын жетекчиси сыноо үчүн алты айга бир жабдууну бекер берди. Тактап кетүүчү жагдай, ал аппарат эч кандай диагноз койбойт. Жөн гана адамдын организминдеги көрсөткүчтөрдү аныктайт. Апробация 2019-жылдын июнь айында № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда башталган. Ал учурда окуучулар каникулда болгондуктан текшерүүлөр сентябрда башталды. Дарыгерлер аталган жабдуу көп убакытты ала турганын билдиришти. Бул аппараттын чыгарган жыйынтыгынын 60 пайызы дал келсе, 40 пайызы туура келбейт экен. Анын үстүнө баасы дагы биз үчүн абдан кымбат. Бирок биз бул аппараттан эле үмүт кылбастан өзүнчө маалыматтык база түзүү боюнча иштерди баштаганбыз. Ал ушул айдын март-апрель айларында ишке кирип калат", — деди Станбеков.

Ошондой эле ал "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" долбоору өкмөттүн планына киргизилип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0