Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова

Баймуратова: мугалимдердин маянасы эми кол менен эсептелбейт

943
(жаңыланган 16:05 07.02.2020)
Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова буга чейин мугалимдердин эмгек акысын эсептөөдө туура эмес фактылар болуп келгенин айтты.
Баймуратова: мугалимдердин маянасы эми кол менен эсептелбейт

Мугалимдердин эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө сынамык иретинде киргизилди. Бул тууралуу Акыйкат Баймуратова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билим берүү тармагына бөлүнгөн каражатты ачык-айкын пайдалануу максатында мугалимдердин эмгек акысын автоматташтыруу боюнча атайын программа иштелип чыккан.

"Буга чейин бухгалтерлер мугалимдердин маянасын кол менен эсептеп келишкен. Эми мектеп, бала бакча, чыгармачылык жана билим берүү борборлорунда иштеген бардык кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат. Долбоордун алкагында иштелип чыккан бухгалтердик программа алгач сынамык иретинде киргизилип, Ысык-Ата, Түп райондук жана Жалал-Абад шаардык билим берүү борборундагы эсепчилер тарабынан текшерилип турду. Мындан тышкары, ар бир облустан бирден районду тандап алып, онлайн тестирлөө жүргүздүк. Учурунда аныкталган кемчиликтер жоюлуп, программа талаптагыдай даярдалды. Азыркы убакта адистер окуудан өтүп жатышат. Ал ушул жылдын 15-февралында жыйынтыкталат", — деди Баймуратова.

Ошондой эле ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериялары жалпысынан 55 компьютер менен камсыздаларын кошумчалады.

943
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, айлык-акы, мугалим
Тема боюнча
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат