Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: бензинди жетишсиз куйган жайлар аныкталды

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСледователь центрального аппарата Следственного управления Финпола Айбек Мамбетов
Следователь центрального аппарата Следственного управления Финпола Айбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын борбордук аппаратынын тергөөчүсү Айбек Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кайрылуусунун негизинде май куюучу бекеттер текшерүүгө алынганын айтты.
Мамбетов: бензинди жетишсиз куйган жайлар аныкталды

Бишкек жана Чүй облусундагы бир катар май куюучу бекеттер бензинди жетишсиз куяры аныкталды. Бул тууралуу Айбек Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тергөө толук жыйынтыктала элек.

"Текшерүүнүн алкагында кызматкерлер Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан май куюучу бекеттерден АИ 92 жана АИ 95 үлгүсүндөгү бензинди 10 литрден сатып алган. Натыйжада айрым май куюучу бекеттер жетишсиз куюп турганы аныкталган. Аталган бекеттерде май куюу автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ошондуктан бул жагдайга ким күнөөлүү экендиги аныктала элек. Бул боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен маалымат беребиз", — деди Мамбетов.

Тергөөчү ошондой эле Салык кызматынын текшерүүсүнөн кийин айдоочуларга келтирилген чыгым аныкталып, аталган иш мыйзам боюнча квалификациялана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0