Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: Ош шаарында дагы Кайгуул милиция кызматы түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов
Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов Кайгуул милиция коомдук жана жол коопсуздугун бирдей камсыздаган кызмат экенин белгиледи.
Оторов: Ош шаарында дагы Кайгуул милиция кызматы түзүлөт

Аймактарга Кайгуул милиция кызматын киргизүү Ош шаарынан башталат. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда аймактардагы Кайгуул милицияга канча кызматкер кабыл алуу керектиги такталууда.

"Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кайгуул милиция кызматын киргизүү Ош шаарынан башталат. Муну ишке ашыруу үчүн учурда жумушчу топ иштеп жатат. Кайсы аймакка канча кызматкер алынары такталгандан кийин сынак жарыяланат", — деди Оторов.

Ошондой эле ал учурда аталган кызматтын иш алып баруусу коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0