Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиленова: чет элдиктер жарандыгынан баш тартпай туруп кыргызстандык боло алат

© Sputnik / Асель СыдыковаЖарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова
Жарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык актыларды каттоо департаментинин жарандык маселелер боюнча бөлүмүнүн адиси Анара Тиленова Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган бардык чет элдиктер дыкат текшерүүдөн өтөрүн айтты.
Тиленова: чет элдиктер жарандыгынан баш тартпай туруп кыргызстандык боло алат

Эгер чет өлкөлүк адам биздин өлкөнүн жараны болууну кааласа, өз жарандыгынан баш тартпай туруп кыргызстандык боло алат. Бул тууралуу Анара Тиленова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай мыйзам Кыргызстан менен чектешкен Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен башка өлкөлөрдүн жашоочуларына жеткиликтүү.

"18ге жашы толгон, биз менен чектешпеген мамлекеттердин бардык жарандары кааласа өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыкпай туруп, Кыргызстандын паспортун ала алат. Алар жалпы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн эки жол менен кабыл алынат. Жалпы тартип боюнча, Кыргызстанда сөзсүз түрдө беш жылдан кем эмес жашоосу, мамлекеттик же расмий тилди билүүсү талап кылынат. Ал эми жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча, Кыргызстанда төрөлгөндөр, кыргыз жаранына турмушка чыккандар, этникалык жарандар ала алышат. Башка мамлекеттин жашоочулары Кыргызстандын паспортун алууну кааласа алгач алар тууралуу бардык маалыматтар коопсуздук мекемелери тарабынан дыкат текшерилет", — деди Тиленова.

Ал жөнөкөй тартипте документтердин каралуу мөөнөтү үч ай болсо, жалпы тартипте тапшыргандар алты ай күтүүсүнө туура келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0