Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акышев: жакынкы арада Москва — Бишкек — Прага авиакаттамы ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жакынкы арада Бишкектен Европага түз авиакаттамдар ачыла турганын айтты.
Акышев: жакынкы арада Москва — Бишкек — Прага авиакаттамы ачылат

"Урал аба жолдору" авиакомпаниясы Новосибирск — Бишкек — Прага жана Москва — Бишкек — Прага авиакаттамдарын ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы Кувейт — Ош —Кувейт, Шарджа — Бишкек — Шарджа, Тегеран — Душанбе — Бишкек каттамдары жана Россиянын беш шаарына жаңы авиакаттамдар ачылган.

"Абанын бешинчи боштондугу" долбоорунун алкагында Кыргызстан менен келишими бар бардык мамлекеттерде биздин өкүлдөр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы авиакаттамдарды ачуу аракетин көрүп жатышат. Бул багытта 2019-жылы бир топ ийгиликтер болду. Мисалы, Россиянын беш шаарына жаңы каттамдарды ачтык. Ошондой эле Кувейт — Ош — Кувейт, Шарджа — Бишкек — Шарджа, Тегеран — Душанбе — Бишкек авиакаттамдары ишке кирди. Учурда эми Бишкектен Европага түз каттамдарды ачууну көздөп жатабыз. Бул багытта "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы Чехия өлкөсүнө Новосибирск — Бишкек — Прага каттамын ачуу боюнча сунуштамасын жөнөттү, азыр жообун күтүп жатабыз. Аталган өлкө макулдугун берсе, жакынкы арада Москва — Бишкек — Прага авиакаттамы ачылат", — деди Акышев.

Аткаминер авиакаттамдардын жана авиакомпаниялардын саны көбөйгөн сайын атаандаштык күчөп, билеттердин баасы да арзандай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0