Дарыгер-косметолог Жанара Кубаныч

Косметолог: күндөн коргоочу крем сүйкөө тиш жуугандай эле адат болушу керек

1197
Дарыгер-косметолог Жанара Кубаныч жазында беттин терисине күндөн коргоочу крем сүйкөп жүрүү керектигин айтты.
Косметолог: күндөн коргоочу крем сүйкөө тиш жуугандай эле адат болушу керек

Үй шартында бетке кам көрүүдө кечкисин бетке арналган гелдин жардамы менен тазалап алыш керек. Бул бир топ маселенин алдын алат. Мындай пикирин Жанара Кубаныч Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, териге кышкысын кам көрбөгөн аялдын бети кургап, бетине бырыш түшүп же болгон бырышы тереңдеп кетиши мүмкүн.

"Кышкысын температура төмөн болуп, күндүн нуру аз тийгендиктен пилинг процедуралары көп жасалат. Бул процессте беттин үстүңкү катмарындагы тери түлөп түшүп, жаңы өсүп келе жаткан клетка ачылат. Аталган процедура ноябрь, декабрь, январь, февраль айларында аба ырайына жараша жасала берет. Күн жылыган учурда пилинг жасоого таптакыр болбойт. Себеби ультрафиолет нуру тескерисинче тактарды пайда кылышы ыктымал. Биздин климат кургак болгондуктан так түшүп, беттин кан тамыры кеңейип, тери кургап кетет. Жаз келери менен бетке кам көрүүнү терини күндүн нурунан коргоодон башташ керек. Өзгөчө региондордо терини коргоону, кам көрүүнү жакшы биле беришпейт. Эртең менен кечинде тишибизди жуугандай эле күндөн коргоочу бет майды сүйкөөнү адат кылып алышыбыз керек. Тоолуу аймакта жашагандыктан бизге spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май ылайыктуу болот. Айрымдар spf 20, 25, 50+ деп турса жаш курак көрсөтүлгөн экен деп колдонуудан баш тартышат. Бул туура эмес түшүнүк. Мисалы, spf 50 дегени  — терини күндүн нурунан беш саат коргойт дегендик", — деди косметолог.

Ал ошондой эле күн жылыган маалда мезотерапия процедурасы жасала баштарын кошумчалады.

1197
Белгилер:
тери, макияж, косметолог, дарыгер
Тема боюнча
Давлетова: пилинг жасатууну декабрдын аягында токтотуш керек
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев

Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

40
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев 2019-жылга чейин көмүскө жолдор менен табылган каражаттарын же убагында салык төлөнбөй калган мүлктөрүн легалдаштырууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, каалаган жарандар 700 миллион сомдон ашык каражатын же ошол каражатка алынган мүлктөрүн  700 миң сом мамлекетке төлөп, адалдаштырып алса болот. Мамлекет өз кезегинде катталган байлык кандай жолдор менен табылгандыгын купуя сактоого кепилдик берет жана андан ары ал адамдын каражаты эч бир тиешелүү орган тарабынан текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору чет элдик тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыгып, парламентте биринчи окуудан өттү.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылга чейин тапкан каражаттарын жарандар өздөрү келип легалдаштырып алса болот. 700 миллион сом же андан жогорку суммадагы байлыгы үчүн 700 миң сом өлкө казынасына төлөйт. Мыйзамдын максаты көмүскө экономиканы азайтуу. Мындай мыйзам көптөгөн өлкөлөрдө бар, айрымдарында ийгиликтүү иштеп жатса, кээ бирлеринде ишке ашпай келет. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен механизмдери иштелип чыкты. Учурда Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өттү”, — деди Алиев.

Ал аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарактуу мөөнөтү алты айдан бир жылга чейинки убакытты гана өзүнө камтый тургандыгын кошумчалады.

40
Белгилер:
экономика, адалдоо, байлык, мыйзам
Тема боюнча
Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева

Мукеева: акыркы 30 жылда медициналык билим берүү начарлады

15
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева коронавируска байланыштуу карантин өз учурунда киргизилгенин айтты.
Мукеева: акыркы 30 жылда медициналык билим берүү начарлады

Акыркы 30 жылдын аралыгында медициналык билим берүүнүн сапаты начарлады. Учурда айрым жаш дарыгерлер чумага каршы костюмду кантип колдонуу керектигин билбейт. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин элди үйдө кармап туруу максатында эмес, оорунун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатын көздөдү.

"Саламаттык сактоо министрлиги карантинди өз учурунда киргизди. Бул өлкөнүн медицина тармагынын абалы жакшы болбогондугунан жасалды. Себеби башка мамлекеттердегидей абал болуп, вирус күчөп кетсе дарыгерлер жетишпей калмак. Министрлик эпидемиянын алдын алуу багытында болгон аракетин көрдү. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, акыркы 30 жылдан бери билим берүү жагы аксап жатат. Мурда өзгөчө кырдаалдар боюнча окуулар жүргүзүлчү. Ошондой эле ар бир оорукананын кампасында чумага каршы костюмдар, үч айга жете турган дарынын запасы турчу. Азыр айрым жаш адистердин арасында чумага каршы костюмду кийип-чечүү эрежесин тургай, анын кандай экенин көрө электер бар. Анткени аларга эч ким үйрөткөн жок. Ошондуктан медиктердин арасында вирус жайылууда", — деди Мукеева.

Кыргызстанды коронавирус инфекциясы каптагандан бери 280 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган. Учурда алардын ичинен 231и айыгып кетти. Тилекке каршы, бир дарыгер көз жумду.

15
Белгилер:
билим берүү, дарыгер, карантин
Тема боюнча
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

0
(жаңыланган 23:10 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды