Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис куш тумоосуна чалдыккан канаттууну кантип аныктаса болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеринария инспекциясына караштуу мал ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов
Ветеринария инспекциясына караштуу мал ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринария инспекциясына караштуу мал ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов куш тумоосу вирустук ылаң болуп эсептелерин айтты.
Адис куш тумоосуна чалдыккан канаттууну кантип аныктаса болорун айтты

Сасык тумоонун A, B, С жана D тиби болуп, төрт түрү бар. Куш тумоосу А түрүнө кирип, аны дарылоо жана алдын алуу аракети бүгүнкү күндө натыйжа бербей келет. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда куш тумоосуна чалдыккан канаттуулардын кеминде 50 пайызы, болбосо баары кырылып калышы ыктымал.

"Тумоонун A, B жана С түрү менен адамдар дагы сыркоолошу мүмкүн. Ал эми D тиби ири мүйүздү жаныбарлардын дарты болуп саналат. Куш тумоосу ошол А түрүнө кирип, аны дарылоо жана алдын алуу иш-аракети натыйжа бербей келет. Ылаңдап калган тооктордун канаты ылдый түшүп, таажылары көгөрүп, ал тургай канталап кетет. Эгерде канаттуунун сыркоолоп калганы билинсе же өлүп калса, аны талапка ылайык өрттөп жок кылуу шарт. Бул дартты негизинен өрдөктөр жугузат. Себеби алардын вирусту алып жүргөнү билинбейт. Ошондуктан сууда сүзгөн канаттууларды өзүнчө кармоо керек. Куш тумоосу адамдарга дагы жугат. Аны менен сыркоолоп калгандардын дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болот. Ошондой эле шалдыроо, тамакка болгон табиттин жоголуусу сыяктуу белгилер пайда болот", — деди Романов.

Ошондой эле ал өлкөдө куш тумоосун алдын алуу максатында мониторингдер жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0