Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Психолог: баланын жүрүм-туруму ага жасалган мамиледен көз каранды

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихология илимдеринин кандидаты, психолог Канышай Кожокелдиева. Архив
Психология илимдеринин кандидаты, психолог Канышай Кожокелдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психология илимдеринин кандидаты, психолог Канышай Кожокелдиева ата менен баланын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам жаралган маселе психологияда изилдөөгө алынган чоң көйгөлөрдүн бири экенин айтты.
Психолог: баланын жүрүм-туруму ага жасалган мамиледен көз каранды

Баланын психологиялык калыптануусу, жүрүм-туруму жана коомдо ээлей турган орду түздөн-түз улуулардын ага жасаган мамилесинен көз каранды. Бул тууралуу Канышай Кожокелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата менен баланын оротосундагы түшүнбөстүк деп улуу муун менен келечек муундун өкүлдөрү ортосундагы пикир келишпестиктер жалпылап белгиленет. Бул маселе адам баласы аң-сезимге ээ болгондон тарта жаралып, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жаткан көйгөй.

"Ата менен баланын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам жаралган маселелер байыртадан бери эле болуп келген. Бирок ага эч ким так аныктама бере алган эмес. Кийин XIX-XX кылымдарда окумуштуулар, жазуучулар, калемгерлер да улуу муун менен жаштардын ортосундагы пикир келишпестикти "ата менен баланын ортосундагы көйгөй" деп атап коюшкан. Анткени улуу муун менен кичүү муундун кагылышуусу үй-бүлөдө, тактап айтканда, ата менен баланын ортосунда көп байкалат. Психологияда кандай гана көйгөй болбосун, ал мамилеге байланыштуу болот. Ата менен баланын ортосундагы түшүнбөстүк да мамиледе биринчи орунга чыгат. Балага улуу кишилер тарабынан кандай мамиле жасалса, ошого жараша инсандык сапаттарга, жүрүм-турумга ээ болот жана коомдогу ордун табат. Айрым учурда тентек жана кыял-жоругу начар балдарды көрүп алып таң кала беребиз. Бирок ошого да улуу муундун өкүлдөрү күнөөлүү. Анткени учурунда андай жаштарды эч ким тыйган эмес.Ошол себептен ата-энелер, улуу муундун өкүлдөрү жаңыдан жетилип келе жаткан балага туура жол көрсөтүп, алар менен тирешпей акыл-насаатын айтып, түшүнбөстүктөр болсо аны жоюуга аракет кылуусу зарыл", — деди Кожокелдиева.

Психолог адамдын жаш өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылуунун түрлөрү бар экенин айтып, балага туура мамиле жасоону түйүлдүк кезинде баштоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0