Юстиция министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Кундуз Аманжолова

Аманжолова: бийликти күч менен басып алган киши жарандыгынан ажырашы мүмкүн

121
Юстиция министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Кундуз Аманжолова "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу" мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталып жаткандыгын айтты.
Аманжолова: бийликти күч менен басып алган киши жарандыгынан ажырашы мүмкүн

Кыргызстандын жарандыгынан чыгуунун учурда үч жолу бар. Биринчиси — адам өзү баш тартып, президенттин атына арыз менен кайрылса, экинчиси — жарандыгын тастыктаган бүт документтерин жоготуп алган учуру. Ал эми үчүнчүсү өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн даярдалган документте кандайдыр бир жалган маалыматтар камтылып, ал кийин билинип калса, адам жарандыгынан ажыратылат. Бул тууралуу Кундуз Аманжолова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү 2017-жылдан бери карай эле түрдүү редакцияда сунушталып келет.

"КР жарандыгынан ажыратуу мыйзамынын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Алсак, эгер ал террордук уюмдарды каржыласа, аларга кошулуп ишмердүүлүк жүргүзсө, террордук иштерди жалдануучу болуп аткарса, сепаратисттик иштерге барса, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо саткынчылык кылса, бийликти күч менен басып алса же басып алууга аракеттер жасалган учурда жарандыгынан ажыратуу сунушталууда. Биздин азыркы сунуш боюнча мындай чечимди кабыл алуу сотторго жүктөлөт. Бирок бул азырынча сунуш гана болгондуктан, башка тиешелүү органдардын катышуусу менен алымча-кошумчалар камтылышы мүмкүн", — деди Аманжолова.

Ал жарандыгынан ажыратуу чечимин соттор эмес, атайын түзүлгөн комиссия чыгарсын деген да пикирлер айтылып жаткандыгын кошумчалады.

121
Белгилер:
мыйзам, жарандык, өзгөртүүлөр, сунуш
Тема боюнча
Тиленова: чет элдиктер жарандыгынан баш тартпай туруп кыргызстандык боло алат
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

0
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова

Кенжематова: акыркы алты айда Кыргызстанга 1,2 миллион турист келди

3
(жаңыланган 10:44 01.08.2021)
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Кыргызстанга акыркы алты айда алдын ала көрсөткүч боюнча 1,2 миллион турист келгенин айтты.

Чет өлкөдөн келген адамдардын бир миллионго жакыны туристтик максатта болсо, калган 250 миңи жумушуна байланыштуу келди. Мындай маалыматты Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Кенжематова: акыркы алты айда Кыргызстанга 1,2 миллион турист келди

Анын айтымында, Европадан келген туристтердин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу кескин көбөйүп жатат.

"Кыргызстан учурда башка өлкөлөргө салыштырмалуу туризм тармагында абдан активдүү иш алып барууда. Көп мамлекеттерде локдаун жарыяланып, бир катар чектөөлөр бар. Ага карабастан кыргыз өкмөтү жоопкерчиликти колго алып, туристтер үчүн пандемия шартында эрежелерди толук аткаруу менен шарттарды түзүп бере алды. Анткени пандемиядан кийин рекреациялык (ден соолукту чыңдоо менен эс алуу ред.) туризмди эңсегендер көп болуп, ден соолукту чыңдоо үчүн Кыргызстанды тандап жатышат. Алсак, жарым жылдын алдын ала көрсөткүчү боюнча 1 миллион 249 миң 200 чет өлкөлүк жаран келсе, анын 250 миңи жумушуна байланыштуу өлкөгө кирди. Европа үчүн Кыргызстан ачылыш болду. Анткени көп мамлекеттер пандемияга байланыштуу туризмди калыбына келтире электе, биз бардык мүмкүнчүлүктү колдондук", — деди Кенжематова.

Ошондой эле адис учурда туристтер Кыргызстанга 67 өлкөдөн келе алышарын кошумчалады.

3
Белгилер:
Кыял Кенжематова, Туризм департаменти
Тема боюнча
COVID болуп айыккандан кийин Кыргызстанга келгиси келген туристтер көбөйдү